Бүгүн АКШда жашоого укук берген Green Card лотереясына катталуу башталды

Бүгүн АКШда туруктуу жашоого укук берген Green Card DV-2024 (United States Permanent Resident Card) лотереясына каттоо башталды. Ал 8-ноябрга чейин уланат.

Лотереяга катышууну каалаган жарандар АКШнын мамлекеттик расмий https://dvprogram.state.gov/ сайтында катталышса болот. Сайтка киргендердин саны көп болгондуктан, система кээде убактылуу иштебей да калышы мүмкүн.

“Грин карта” (анг., Green Card, Америка Кошмо Штаттарынын туруктуу резиденттик картасынын расмий аталышы) – бул инсандык карта же чет өлкөлүк жарандын АКШда иштөө, жашоо укугуна ээ экендигин тастыктаган идентификациялык карта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды