Бөтөлкөдө суу чыгарган өндүрүүчүлөргө БАЭге экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү айтылды

Бөтөлкөдө суу чыгарган өндүрүүчүлөргө БАЭге экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү айтылды

Ата мекендик бөтөлкөдөгү суу чыгарган өндүрүүчүлөргө кечээ, 5-октябрда товарларын Перс булуңундагы өлкөлөргө экспорттоо боюнча семинар болуп өттү. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Семинарга «Ак-Бата» ЖЧК, «Чес продакшн компаниясы», «КОРТЕС» ЖЧК, «Биоточка» ЖЧК, «Абдыш-Ата» компаниясы, «Сибирь Трейд» ЖЧК, «Келечек» ЖАК, «Эко Life Asia» коомдук фонду сыяктуу ири чарбалык суу өндүрүүчүлөр катышышты.

Аталган агенттик иш-чараны Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен өткөрдү.

Компанияларга БАЭде, тамак-аш өнөр жай тармагында бизнесин кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле ичүүчү сууну бөлүштүрүү жана жеткирүү каналдары тууралуу толук маалымат берилди. Уюштуруучулар БАЭге ичүүчү сууну импорттоонун процедуралык процесстери боюнча суроолорго жооп берип, компанияны каттоонун укуктук нормаларын жана эрежелерин түшүндүрүштү. Ошондой эле БАЭ жана Сауд Аравия Королдугуна ичүүчү сууну импорттоо боюнча укуктук нормалардын жана эрежелердин айырмасы айтылды.


Эскерте кетсек, мурдараак «Шоро» Компаниясы БАЭде бөтөлкөдөгү ичүүчү суунун сапаты боюнча сертификатын алганын жана аталган мамлекеттин дүкөндөрүндө сатуу укугуна ээ болгонун кабарлаган эле.

Кошумча окуңуз:

по темеМинкаб суусундуктарды чыгарган ата мекендик компаниялар пайдаланган суудан 2% салык алууну көздөөдө

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн