Дүйнөлүк банк КРнын мамлекеттик органдары менен тыгыз кызматташууга даяр

Дүйнөлүк банк КРнын мамлекеттик органдары менен тыгыз кызматташууга даяр

Президент Садыр Жапаров кечээ, 5-октябрда, Дүйнөлүк банктын Операциялык иш-чаралар боюнча башкаруучу директору Аксель Ван Троценбург башында турган Дүйнөлүк банктын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банкка өлкө экономикасын өнүктүрүүгө болгон колдоосу үчүн ыраазчылык билдирип, каржы институту көп жылдардан бери өнүктүрүүнүн бардык негизги багыттары боюнча олуттуу жөлөк-жардам көрсөткөн мамлекеттин маанилүү өнөктөшү экенин кошумчалады. 

Кызматташтык түптөлгөнүнө 30 жыл болгонун белгилеп, Садыр Жапаров Дүйнөлүк банк менен мындан аркы тыгыз, жемиштүү өз ара аракеттенүүгө бекем ишенимин билдирди. 

Мамлекет башчысы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу агрессиясына байланыштуу соңку окуялар Баткен облусунун жарандык жана социалдык инфраструктурасынын ири кыйроолоруна алып келгенине өзгөчө көңүл бурду. Азыркы учурда өлкөнүн аймактарынын, өзгөчө Баткен облусунун экономикасын комплекстүү өнүктүрүү артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат.

Ошону менен бирге Кыргызстан аймакты калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган “Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын” ишке ашырууга бекем ниеттенүүдө. 

Дүйнөлүк банктын тажрыйбасын жана эксперттик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, Жапаров каржы институтунун көңүлүн агроөнөр жай комплекси, туризм, жеке секторду колдоо, транспорт жана энергетика, анын ичинде энергияны кайра жаратуучу булактар сыяктуу кызматташтыктын багыттарына бурду. 

Өз кезегинде Аксель Ван Троценбург белгилегендей, учурда КР менен Дүйнөлүк банктын ортосунда орто мөөнөттүү мезгилге жаңы Алкактык өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат. 

Ал бул иштин алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү КРнын тиешелүү мамлекеттик органдары менен тыгыз кызматташууга даяр экенине ишендирди.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, адам укуктары маселелерине көңүл бурду.

Жолугушууда энергетика жана социалдык өнүктүрүү тармагындагы долбоорлор боюнча келишимдерге кол коюлду. 

Документке кыргыз тараптан каржы министри Алмаз Бакетаев, Дүйнөлүк банктан Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова кол койду.


Эскерте кетсек, жакынкы беш жылда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 600 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Ошондой эле аталган уюм Кыргызстанга 30 жыл ичинде 2.7 млрд доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөн.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн