Пенсиялык фондуңузда канча акча бар экенин телефондон текшерип көрсөңүз болот - нускама

Пенсиялык фондуңузда канча акча бар экенин телефондон текшерип көрсөңүз болот - нускама

Пенсиялык топтомдор жөнүндө маалыматты (Пенсиялык топтом фонду) Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы же Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу билүүгө болот. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Бул кызматтын жардамы менен ар бир жаран пенсиялык топтомдорунун суммасы жана инвестициялык кирешелери жөнүндө маалымат ала алат.

КРнын Социалдык фонду Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу Пенсиялык топтом фондунда канча каражат чегерилгендигин билүү үчүн акысыз кызмат көрсөтөт.

Ал үчүн:

  • portal.tunduk.kg сайтына же Tunduk мобилдик тиркемеcине кирүү керек (жок болсо жүктөш керек)
  • “Социалдык төлөмдөр” бөлүгүнөн “Пенсиялык топтомдор жөнүндө маалымат (Пенсиялык топтом фонду)” кызматын тандоо зарыл
  • Өтүнмөнү тариздеп, жөнөтүү керек.

“Маалымат дароо сиздин телефонуңузга түшөт. Портал тарабынан берилген электрондук форматтагы бардык документтер кагаз жүзүндөгү документ же маалымкат сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ”, – дейт “Түндүк” порталынын маалымат кызматы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Россия жаңы инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Россия жаңы инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Чолпон-Ата шаарында VIII Кыргызстан–Россия экономикалык форуму жана XII Кыргызстан–Россия аймактар аралык конференциясы расмий ачылды. Иш-чара 6-7-августта өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алдында уюштурулду. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Форум Президент Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуучуларга

Жарандар акысыз юридикалык жардамды кандай шартта ала алышат?

Жарандар акысыз юридикалык жардамды кандай шартта ала алышат?

Кыргызстанда ар бир жаран муктаж болгон учурларда мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам ала алышат. Бул укук Баш мыйзамда каралган. Юридикалык жардам кызматы билдиргендей, алар жарандарга укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берип, мыйзамдар тууралуу маалыматтарды сунуштайт. Адвокаттын акысыз кызматын алуу үчүн жарандын айлык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленген

Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор жаңы кабинетке көчүрүлдү

Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор жаңы кабинетке көчүрүлдү

Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор эми салык төлөөчүнүн жаңы кабинетине көчүрүлдү. Бул тууралуу "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин айрым отчеттор менен иштөө жана тапшырылган документтердин тарыхын көрүү үчүн эски тутумга өтүүгө туура келген. Салыктын жаңы кабинетине (cabinet.salyk.kg.) КНС боюнча отчеттордун бир

"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын Оштогу филиалы текшерүүдөн өттү

"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын Оштогу филиалы текшерүүдөн өттү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын аймактагы филиалында жарандык коргонуунун абалына баалоо жүргүздү. ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы билдиргендей, иш-чара жарандык коргонуу боюнча 2026-жылга даярдык планынын негизинде өттү. Комиссия кабарлоо жана чогултуу тутумун, эвакуациялык чыгуулардын талаптарга ылайыктуулугун, ошондой эле өрт, авария жана башка