Садыр Жапаров чуулуу «Кемпир-Абад» суу сактагычынын «тагдыры» тууралуу үн катты

Садыр Жапаров чуулуу «Кемпир-Абад» суу сактагычынын «тагдыры» тууралуу үн катты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда өзүнүн Фейсбук баракчасында Өзгөн жергесине болгон иш сапары жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу, ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычынын “тагдыры” тууралуу пикирин билдирди.

Анда Жапаров бул кайрылууну жасаганга аргасыз болуп турганын, Өзгөнгө барып, эл менен жабык эшик артында сүйлөшүп, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны такташуу меселесин “адамча түшүндүрүп” бергенин айтат.

“Эмне үчүн жабык эшик артында карап жатканыбызды дагы адамча түшүндүрүп бердик. Кудай буюрса, жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсы жерлер бизге өткөндүгү ачыкка чыгат. Жалпы эл чыдап күтө тургула. Негизинен талаш жерлер дээрлик 99% биз тарапка өттү.

“Кемпир-Абадды” буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, эми мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик.

Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонушат. Калган чек ара жерлери боюнча мен жогоруда айткандай, кийин угасыздар”, – деди президент.

Ошондой эле Жапаров элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө деп буйрук бергенин да кошумчалады.


Эскерте кетсек, 29-сентябрда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдына ондогон адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Алар Ташиев менен Өзбекстандын премьер-министри тарабынан кол коюлган 36-протокол боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Анткени буга чейин социалдык түйүндөрдө аталган суу сактагыч Өзбекстанга өтөт экен деген кептер тараган.

Жыйынтыгында, президент Жапаров Өзгөн шаарына барып, жабык эшик артында эл менен жолуккан. Ошондой эле аталган жолугушууда активисттердин телефондору өчүрүлгөнү айтылган.

  • Эскерте кетсек, КР жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары тарабынан протоколго кол коюлган. Бул кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз тараптан документке КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшкан.

Кошумча окуңуз:

Өзгөн эли Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен кол койгон протокол тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышты

Садыр Жапаров Өзгөндө жабык түрдө эл менен жолугушууда — президенттин кабарчысы

Президенттин маалымат кызматы Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу так маалымат берген жок

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн