10-октябрдан тартып пенсия көбөйтүлгөн суммада берилип баштайт

10-октябрдан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулайт жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулайт. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди.

Көбөйтүлгөндөн кийин пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түзүп, жыл башындагы көрсөткүчтөн 1988 сомго жогорулайт.

Кыргызстанда 735 миң пенсионер бар. Жалпы пенсияны жогорулатуу үчүн 4 млрд 424 млн сом кошумча каражат керектелет. Анын 3 млрд 83 млн сому республикалык бюджеттен, 1 млрд 341 млн сому пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен кошулат.

Мисалы:

5000 сом пенсия алгандарга — 1843 сом

10 миң сом алгандарга — 2623 сом кошулат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды