Баткендеги үйсүз калган жарандар үйлөр салынгыча боз үй, чатырларда жашап турушат - Бакыт Төрөбаев

Баткендеги үйсүз калган жарандар үйлөр салынгыча боз үй, чатырларда жашап турушат - Бакыт Төрөбаев

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кечээ, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Баткендеги үйсүз калган жарандар, үйлөрү салынгыча боз үй, чатырларда жашап турушарын айтты.

Жыйында депутат Миргүл Темирбаева Баткен облусунда курула турган үйлөрдү курууга тендерди кайсы компания утту деген суроосун салды. Төрөбаев кайсы компания утканынан кабары жок экенин билдирди.

“Кайсы компания утканын билбейт экенмин, бирок генералдык подрядчик утту, Баткен облусунда иштеп жаткан, тажрыйбасы бар, финансы жактан дурус компанияларга берип жатат. Биз тез арада башташыбыз керек, азыр ӨКМ тарабынан күйгөн турак-жайлар тазаланды, анча-мынча айылдар калды, биз акча бөлдүк, курулуш материалдары келип жатат. Мамкурулуштун жетекчилери Баткенде жүрүшөт, бүт компанияларды Баткенге жөнөттүк. Ошол жактан тендер өткөрүп, келишим түзгүлө, 2-2.5 айдын ичинде бүтүрөсүңөр дедик”, – деди Төрөбаев.

Темирбаева алдыда кыш келе жатканын айтып, үйсүз калган жарандар кайда барып жашашат, кандайдыр бир камкордуктар барбы деп сурады.

“Азыр 10 миңге жетпеген жаран бар, аларга боз үй, чатыр жылыткычы менен ӨКМ жасап жатат”, – деди Төрөбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Жарандар акысыз юридикалык жардамды кандай шартта ала алышат?

Жарандар акысыз юридикалык жардамды кандай шартта ала алышат?

Кыргызстанда ар бир жаран муктаж болгон учурларда мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам ала алышат. Бул укук Баш мыйзамда каралган. Юридикалык жардам кызматы билдиргендей, алар жарандарга укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берип, мыйзамдар тууралуу маалыматтарды сунуштайт. Адвокаттын акысыз кызматын алуу үчүн жарандын айлык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленген

Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор жаңы кабинетке көчүрүлдү

Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор жаңы кабинетке көчүрүлдү

Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор эми салык төлөөчүнүн жаңы кабинетине көчүрүлдү. Бул тууралуу "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин айрым отчеттор менен иштөө жана тапшырылган документтердин тарыхын көрүү үчүн эски тутумга өтүүгө туура келген. Салыктын жаңы кабинетине (cabinet.salyk.kg.) КНС боюнча отчеттордун бир

"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын Оштогу филиалы текшерүүдөн өттү

"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын Оштогу филиалы текшерүүдөн өттү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын аймактагы филиалында жарандык коргонуунун абалына баалоо жүргүздү. ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы билдиргендей, иш-чара жарандык коргонуу боюнча 2026-жылга даярдык планынын негизинде өттү. Комиссия кабарлоо жана чогултуу тутумун, эвакуациялык чыгуулардын талаптарга ылайыктуулугун, ошондой эле өрт, авария жана башка

Оштогу заводдун кум-шагылы текшерилип, талапка жооп берсе сертификат алат

Оштогу заводдун кум-шагылы текшерилип, талапка жооп берсе сертификат алат

Ош шаарындагы Кең-Кол тилкесинде жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү ишканада сертификат берүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери чыгарылып жаткан өндүрүмдүн сапатына баа беришти. Иштин жүрүшүндө лабораториялык сыноолор