Баткенге жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептен 1.4 млн сом сарпталды

Баткенге жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептен 1.4 млн сом сарпталды

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жапа чеккен Баткен облусунун калкын колдоо үчүн атайын эсептен 1 млн 400 миң сом сарпталды. Бул тууралуу кечээ, 6-октябрда Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Финансы министрлиги тарабынан ар бири 200 миң сомдон жети операция жүргүзүлүп, каражаттар үйлөрү өрттөнгөн жарандарга бир жолку компенсация түрүндө берилген.

Кошумчалай кетсек, Борбордук казыналык атайын эсеп боюнча 6-октябрда саат 17:00гө карата маалыматтарды жаңылаган. Жалпысынан 320 млн 60 миң сом түшүп, транзакциялардын саны 3750 операциядан ашкан.


Белгилей кетсек, бүгүн, 7-октябрь саат 08:00гө карата жалпы Баткен облусу боюнча 136 770 жаран  эвакуацияланып, анын ичинен 128 522 жаран туруктуу жашоочу жайларына кайткан.  

“Баткен облусуна жалпы 1636 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 322 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1134 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 180 тонна  гуманитардык жардам турат”, – дейт ӨКМ. 

Мындан тышкары окуңуз

Жарандар акысыз юридикалык жардамды кандай шартта ала алышат?

Жарандар акысыз юридикалык жардамды кандай шартта ала алышат?

Кыргызстанда ар бир жаран муктаж болгон учурларда мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам ала алышат. Бул укук Баш мыйзамда каралган. Юридикалык жардам кызматы билдиргендей, алар жарандарга укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берип, мыйзамдар тууралуу маалыматтарды сунуштайт. Адвокаттын акысыз кызматын алуу үчүн жарандын айлык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленген

Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор жаңы кабинетке көчүрүлдү

Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор жаңы кабинетке көчүрүлдү

Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор эми салык төлөөчүнүн жаңы кабинетине көчүрүлдү. Бул тууралуу "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин айрым отчеттор менен иштөө жана тапшырылган документтердин тарыхын көрүү үчүн эски тутумга өтүүгө туура келген. Салыктын жаңы кабинетине (cabinet.salyk.kg.) КНС боюнча отчеттордун бир

"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын Оштогу филиалы текшерүүдөн өттү

"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын Оштогу филиалы текшерүүдөн өттү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын аймактагы филиалында жарандык коргонуунун абалына баалоо жүргүздү. ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы билдиргендей, иш-чара жарандык коргонуу боюнча 2026-жылга даярдык планынын негизинде өттү. Комиссия кабарлоо жана чогултуу тутумун, эвакуациялык чыгуулардын талаптарга ылайыктуулугун, ошондой эле өрт, авария жана башка

Оштогу заводдун кум-шагылы текшерилип, талапка жооп берсе сертификат алат

Оштогу заводдун кум-шагылы текшерилип, талапка жооп берсе сертификат алат

Ош шаарындагы Кең-Кол тилкесинде жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү ишканада сертификат берүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери чыгарылып жаткан өндүрүмдүн сапатына баа беришти. Иштин жүрүшүндө лабораториялык сыноолор