Италиялык бизнесмендер Кыргызстандан кургатылган мөмө-жемиш, жаңгак жана бал импорттоого кызыкдар

Италиялык бизнесмендер Кыргызстандан кургатылган мөмө-жемиш, жаңгак жана бал импорттоого кызыкдар

Италиялык ишкерлер Кыргызстандын кургатылган жемиштерин, жаңгактарын жана балын импорттоого кызыкдар. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 7-октябрда кыргызстандык жана италиялык өндүрүшчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Италиялык делегация менен айыл чарба тармагынын, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ишканаларынын жетекчилери жолугушту.

Коноктор КРнын энергетика тармагынын потенциалын жана гидроэнергетика тармагындагы мүмкүн болгон инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө кызыгууларын билдиришти. Мындан тышкары, италиялык делегация Кыргызстандын ишканаларына жана ишкерлерине эчкинин сүтүнөн эл аралык стандарттарга жооп берген сыр өндүрүү боюнча окутууга жардам берүүнү көздөшүүдө.

Мекеменин жетекчиси Умбриэль Темиралиев Кыргызстан республиканын аймагында өндүрүш түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

«Биз инвесторлорго бардык керектүү жардамдарды көрсөтөбүз жана кызыккан тармактар ​​боюнча маалымат беребиз», – деп убада кылды.


Эскерте кетсек, Кыргызстанга Италиядан ишкерлер келишкен.
Алар 6-октябрда КРнын Соода-өнөр жай палатасында италиялык компаниялардын катышуусунда бизнес-форумга катышышты.

Форумдун алкагында КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен Барбаджа районунун (Италия) ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.

Италиялык делегациянын курамына айыл чарбасы, гидроэнергетика жана кайра жаралуучу энергия, жеңил өнөр жай ишканалары, ошондой эле мейманкана жана туризм сыяктуу түрдүү тармактардагы компаниялардын өкүлдөрү келишкен. Италиялык ишкерлердин миссияларынын бири – Кыргызстандан кургатылган мөмө-жемиштерди, бал азыктарын жана жаңгактарды экспорттоону уюштуруу, ошондой эле туризм тармагында кызматташуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Прокурор, Ташиев, Зулушев, Шакиевди 9 жыл абакка кесүүнү сурады

Прокурор, Ташиев, Зулушев, Шакиевди 9 жыл абакка кесүүнү сурады

29-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана “75тин иши” деп аталган процесстин башка катышуучуларынын ишин маңызы боюнча соттук отурум болуп өттү.   Белгилей кетсек, буга чейинки отурумда төрагалык кылуучу Азирет Медеров соттук отурум

Блогерлер жана электрондук соода менен алектенгендердин салык төлөө тартиби кандай?

Блогерлер жана электрондук соода менен алектенгендердин салык төлөө тартиби кандай?

Акыркы учурда блогерлер жана социалдык тармактар аркылуу ишмердүүлүк жүргүзгөндөрдүн салык төлөөсү тууралуу коомчулукта көптөгөн талкуулар жүрүп жатат. Кызуу талкуунун жаралышына Президенттин 2026-жылдын 11-июнундагы жарлыгына ылайык, блогерлерди, стартаптарды жана креативдүү индустрия өкүлдөрүн беш жылга салыктан бошотуу сунушу түрткү болгон.   Буга байланыштуу жарандардын ар кандай пикирлерине жооп издеп, “Ишкер медиа”

Манаста коомдук иштерге катышкан 46 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

Манаста коомдук иштерге катышкан 46 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

Манас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жумушсуздук боюнча каттоодо турган 46 үй-бүлөгө азык-түлүктөр берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ар бир үй-бүлөгө 6 мүшөктөн ун жана 30 литрден өсүмдүк майы тапшырылды. Жардам жарандардын аткарган эмгегине жараша берилген. Тактап айтканда, Курманбек жана М. Конгантиев

Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жыйында белгиленгендей, бул маселе Министрлер Кабинетинин туруктуу күн тартибинде турат: күйүүчү май рыногун көзөмөлдөө боюнча иштер бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде тийиштүү мекемелердин жана бизнес-коомчулуктун