ҮМБга 8.2 млн сомго унааларды сатып алууга тендер жарыяланды

ҮМБга 8.2 млн сомго унааларды сатып алууга тендер жарыяланды


Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы ҮМБларга 3 тез жардам унаасын жана каза болгондордун сөөгүн ташууга 1 атайын унаа алууну пландоодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин унааларды сатып алуу боюнча тендер жарыяланып, атайын унааларды алууга 8.2 млн сом каралган.

Жумушчу топ унааларды сатып алуунун техникалык шартын иштеп чыкты. Буйруктун негизинде сатып алуу жол-жобосун жүргүзүү үчүн тендердик комиссия түзүлгөн.

Борбор калаанын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун амбулаториялык кызматын уюштуруу үчүн тез жардам унааларын жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын Автобазасы үчүн каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн 1 атайын транспортту сатып алуу боюнча тендер мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Мындан тышкары окуңуз

Жарандар акысыз юридикалык жардамды кандай шартта ала алышат?

Жарандар акысыз юридикалык жардамды кандай шартта ала алышат?

Кыргызстанда ар бир жаран муктаж болгон учурларда мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам ала алышат. Бул укук Баш мыйзамда каралган. Юридикалык жардам кызматы билдиргендей, алар жарандарга укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берип, мыйзамдар тууралуу маалыматтарды сунуштайт. Адвокаттын акысыз кызматын алуу үчүн жарандын айлык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленген

Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор жаңы кабинетке көчүрүлдү

Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор жаңы кабинетке көчүрүлдү

Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор эми салык төлөөчүнүн жаңы кабинетине көчүрүлдү. Бул тууралуу "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин айрым отчеттор менен иштөө жана тапшырылган документтердин тарыхын көрүү үчүн эски тутумга өтүүгө туура келген. Салыктын жаңы кабинетине (cabinet.salyk.kg.) КНС боюнча отчеттордун бир

"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын Оштогу филиалы текшерүүдөн өттү

"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын Оштогу филиалы текшерүүдөн өттү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын аймактагы филиалында жарандык коргонуунун абалына баалоо жүргүздү. ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы билдиргендей, иш-чара жарандык коргонуу боюнча 2026-жылга даярдык планынын негизинде өттү. Комиссия кабарлоо жана чогултуу тутумун, эвакуациялык чыгуулардын талаптарга ылайыктуулугун, ошондой эле өрт, авария жана башка

Оштогу заводдун кум-шагылы текшерилип, талапка жооп берсе сертификат алат

Оштогу заводдун кум-шагылы текшерилип, талапка жооп берсе сертификат алат

Ош шаарындагы Кең-Кол тилкесинде жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү ишканада сертификат берүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери чыгарылып жаткан өндүрүмдүн сапатына баа беришти. Иштин жүрүшүндө лабораториялык сыноолор