Мамлекет уюшкан кылмыштуу топтун 5 премиум классындагы унааларын алып койду

Мамлекет уюшкан кылмыштуу  топтун 5 премиум классындагы унааларын алып койду

Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштерин тергөө учурунда, К.А. уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 33 млн сомдон ашык болгон 5 премиум класстагы брондолгон автоунаалар алынган.

“Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – дейт аталган орган.

Мындан тышкары окуңуз

Прокурор, Ташиев, Зулушев, Шакиевди 9 жыл абакка кесүүнү сурады

Прокурор, Ташиев, Зулушев, Шакиевди 9 жыл абакка кесүүнү сурады

29-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана “75тин иши” деп аталган процесстин башка катышуучуларынын ишин маңызы боюнча соттук отурум болуп өттү.   Белгилей кетсек, буга чейинки отурумда төрагалык кылуучу Азирет Медеров соттук отурум

Блогерлер жана электрондук соода менен алектенгендердин салык төлөө тартиби кандай?

Блогерлер жана электрондук соода менен алектенгендердин салык төлөө тартиби кандай?

Акыркы учурда блогерлер жана социалдык тармактар аркылуу ишмердүүлүк жүргүзгөндөрдүн салык төлөөсү тууралуу коомчулукта көптөгөн талкуулар жүрүп жатат. Кызуу талкуунун жаралышына Президенттин 2026-жылдын 11-июнундагы жарлыгына ылайык, блогерлерди, стартаптарды жана креативдүү индустрия өкүлдөрүн беш жылга салыктан бошотуу сунушу түрткү болгон.   Буга байланыштуу жарандардын ар кандай пикирлерине жооп издеп, “Ишкер медиа”

Манаста коомдук иштерге катышкан 46 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

Манаста коомдук иштерге катышкан 46 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

Манас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жумушсуздук боюнча каттоодо турган 46 үй-бүлөгө азык-түлүктөр берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ар бир үй-бүлөгө 6 мүшөктөн ун жана 30 литрден өсүмдүк майы тапшырылды. Жардам жарандардын аткарган эмгегине жараша берилген. Тактап айтканда, Курманбек жана М. Конгантиев

Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жыйында белгиленгендей, бул маселе Министрлер Кабинетинин туруктуу күн тартибинде турат: күйүүчү май рыногун көзөмөлдөө боюнча иштер бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде тийиштүү мекемелердин жана бизнес-коомчулуктун