«Бакай Банк» евро жана АКШ доллар акча каражаттарын накталай берүүдө комиссиясын азайтты

«Бакай Банк» эң ыңгайлуу шарттарды сунуштоо менен ар дайым өзүнүн кардарлары үчүн кам көрүп келет.

Ушуга байланыштуу нак эмес АКШ долларын жана еврону нак акчага айландыруу үчүн алынуучу комиссияны төмөндөтүү чечими кабыл алынды:

  • юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн сумманын 2 пайызы.

Ошону менен бирге POS-терминалдардан банктык карталар аркылуу (банктын кассаларында) АКШ долларын чыгаруу үчүн алынуучу комиссия дагы төмөндөдү:

  • VISA – сумманын 2,2 пайызы. Минимум 3 АКШ долл. – кассада эркин акча каражаттары бар болсо, суткалык лимит 300 АКШ доллары (лимиттен ашык сумма макулдашуу аркылуу).

Белгиленген баалар 2022-жылдын 1-декабрына (1-декабрды кошо алуу менен) чейин күчүндө болот.

Кененирээк маалыматты банктын www.bakai.kg расмий сайтынан алууга болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү