Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы жабык эшик артында каралды - Кемпир-Абад Өзбекстанга өтөт, КР 15 миң га жер алат

Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы жабык эшик артында каралды - Кемпир-Абад Өзбекстанга өтөт, КР 15 миң га жер алат

Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыштар, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде бүгүн, 10-октябрда КР менен Өзбекстандын чек арасындагы келишим жабык эшик артында каралды.

Жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар Өзбекстанга өтүп, анын ордуна Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алына турганын билдирди.

Ошондой эле ал акыркы келишимдерге ылайык, Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга кеңейерин, ал эми Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын жана суу кыргыз жарандарына жеткиликтүү болоорун айтты.

Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалады. Эгерде суу агып кете турган болсо, анда анын жерине Өзбекстан ээлик кылып калат.

Жабык эшик артында өткөн жыйында “Азаттык” Ташиев кабарлаган Кыргызстанга өттү делген жерлер деп төмөнкүлөрдү атады:

  • Гавасай 12 872 миң гектар
  • Көк-Серек 105 гектар
  • Баястан 212 гектар
  • Унгар-Тоо 35 гектар
  • Кара-Белес 25 гектар
  • Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району)
  • Шарихан каналынын башталышынан 19.5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты)
  • Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.

«Бул абдан жакшы, түшүмдүү жерлер. Ал жерде алтын да бар. Өзбекстан бир жолу баалуу металлды казууга алты лицензия берген. Ошого карабастан бул жерлерди алдык. Келишим ратификациялангандан кийин Кыргызстандын картасы 15.8 миң гектарга көбөйөт”, – деди УКМКнын башчысы.


Эскерте кетсек, 29-сентябрда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдына ондогон адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Алар Ташиев менен Өзбекстандын премьер-министри тарабынан кол коюлган 36-протокол боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Анткени буга чейин социалдык түйүндөрдө аталган суу сактагыч Өзбекстанга өтөт экен деген кептер тараган.

Жыйынтыгында, президент Жапаров Өзгөн шаарына барып, жабык эшик артында эл менен жолуккан. Ошондой эле аталган жолугушууда активисттердин телефондору өчүрүлгөнү айтылган.

  • Эскерте кетсек, КР жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары тарабынан протоколго кол коюлган. Бул кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз тараптан документке КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшкан.

Кошумча окуңуз:

Өзгөн эли Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен кол койгон протокол тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышты

Садыр Жапаров Өзгөндө жабык түрдө эл менен жолугушууда — президенттин кабарчысы

Президенттин маалымат кызматы Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу так маалымат берген жок

Мындан тышкары окуңуз

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Ташкент облусундагы “Навои” бажы бекетинде бир аял ымыркай баласынын жалаягына 200 грамм салмактагы эки алтын куйманы аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Өзбек Республикасынын бажы комитетинен кабарлашты. Баласынын жалаягына катылган алтындан сырткары, кармалган аялдын жанында бажы көзөмөлүнө декларацияланбаган - 70 гр салмактагы зер буюмдар табылган. Алдын

Сыны айылында 178 млн сомго каржыланган мектеп курулуп бүттү

Сыны айылында 178 млн сомго каржыланган мектеп курулуп бүттү

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, анын жалпы наркы 178 млн сомду түздү. Мектептин курулушу 2025-жылы июлда башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу заманбап билим берүү имараты толугу менен

Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду

Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду

Бишкектин Калыс-Ордо конушунун тургундарынан аймактагы мончонун ишмердүүлүгүнө байланыштуу арыз түшүп, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү иштерин жүргүздү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, мончонун тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жатканы аныкталды. Натыйжада объекттин ээси бардык зарыл документтерди алганга чейин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Мындан тышкары, Аламүдүн

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду 100,5 млн долларлык долбоорлорду бекитти

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду 100,5 млн долларлык долбоорлорду бекитти

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду өнөр жайды жакшыртууга, инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана өндүрүштүк кооперацияны чыңдоого багытталган долбоорлорду каржылоону улантууда. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата жалпы наркы 100,5 млн долларды түзгөн 37 долбоор бекитилди. Анын ичинен 61,2 млн доллар фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланды. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун