Чек ара, кызматтан кеткен министрлер, Ташиев - Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Чек ара, кызматтан кеткен министрлер, Ташиев - Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр, Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси жана акыркы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Президенттин айтымында, Өзбекстан менен чек араны тактоодо буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары КРга өткөнүн, айылдарда, тоолордо же түз жерлерде болобу, талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстандын пайдасына чечилгенин айтты.

Чек ара

“Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин жана көпчүлүк элдин тагдырын байлап койбошубуз керек. Райондун деңгээлинен жогору бололу. Эгер өлкө ичинде эки район жер бөлүштүрүп жатсак мейли эле. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен 1400 км чек араны толук чечип, Өзбекстан менен чек ара маселесине түбөлүк чекит коюп жатабыз.

Эгер эми мыйзамдашып бүткөнгө чейин бир тарап айнып кетип кайра мурдагы абалга келип калса, кечээки тегерек стол уюштуруп, элдин башын айландырып жаткандар көпчүлүк элдин каргышына калышыт. Катуу жооп беришет. Жоопко тартабыз.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси тарыхий-архивдик документтер менен каралат. Көчөдө чогулуп алып эле “Алмакан апам айтпадыбы дегендей” маселе эмес. Эки өлкөнүн СССРден бери келе жаткан карталары, келишимдери, алдым-бердим деген актылары турат. Анан жөн эле “ал жер биздики болчу, бул жер биздики болчу” деп жалган маалымат берип элдин башын айлантпаш керек”, – деди ал.

Камчыбек Ташиев тууралуу

Жапаров Ташиев менен эч качан урушпай тургандыгын, урушканга жол бербей тургандыгын белгиледи.

Экинчиден, “бийлик талашып атат” деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот.

Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар “Ташиев кадр чечип атат. Ташиев президент болгусу келип атат” дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Эң негизгиси, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду”, – деди Жапаров.

Кызматынан кеткен министрлер

“Кабар” агенттигинин журналисти президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кетишин, төрт министр өз каалоосу менен кызматын тапшырып кеткенин, айрымдар муну чөгүп бараткан кемеден качуу катары баалап жатышканын айтып, бул кадрдык жүрүштөр эмнени түшүндүрөрүн сурады.

“Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам. Пара алгандарды, мамлекеттин акчасын уурдагандарды каматам. Кыскасы эч кимди аямай жок. Министр болуп келдиңби, мамлекет үчүн, эл үчүн иште! Уурдаба! Напсиңди тыя албайсыңбы, министр болбой эле кой!

Ал эми Алтынбек Сулайманов реформага шылтабай жөн эле кетип калса болмок. Бир дагы жолу мамлекеттик кызматта иштебеген киши дароо бир облустун башчысы болуп барып калып кыйналды окшойт. Жергиликтүү бийликти реформа кылыш үчүн долбоорлор даярдалыш керек да. Жөн эле ой келди жасап салгыдай мамлекет мал сарай эмес да. Долбоорлор даярдалып жатат. Айтып коюш оңой. Практика жүзүндө ишке ашырыш кыйын.

Кыскасы, иштей албай жаткан кадрлар мага дапдаана көрүнүп турат. Иштей албагандарын көпкө күтпөй алмаштырып атам. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Өкмөттүк иш ушундай болот. Түбөлүк эч ким министр болбойт. Кан алмашуу сыяктуу тез-тез алмашып турат дегендей”, – деди президент Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз фермерлери Россиянын мөмө-жемиш өндүрүү тажрыйбасы менен таанышты

Кыргыз фермерлери Россиянын мөмө-жемиш өндүрүү тажрыйбасы менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде “Мөмөлөр жана жемиштер” айыл чарба кластери менен биргеликте Россия Федерациясынын Жемиштер союзунун жана “Фрагария” компаниялар тобунун өкүлдөрү катышкан жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага мөмө-жемиш багытында иш алып барган дыйкан-фермерлер, питомник өкүлдөрү, экспорттоочулар жана тармак адистери офлайн жана онлайн форматта

Эрлист Акунбеков Тажикстандын Айыл чарба министри менен жолукту

Эрлист Акунбеков Тажикстандын Айыл чарба министри менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Тажикстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Тажикстандын Айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жолукту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, жолугушууда эки өлкөнүн Мамлекет башчыларынын 2025-жылдагы өз ара мамлекеттик сапарларынын жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда айыл чарба тармагында жетишилген

Ивановкадагы 40 млн долларлык керамика заводу экономикага кандай салым кошууда?

Ивановкадагы 40 млн долларлык керамика заводу экономикага кандай салым кошууда?

Финансы министри Руслан Сүйналиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Чүй облусунун Ивановка айылында жайгашкан “Асыл Таш” керамика заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Министр белгилегендей, аталган ишкана мамлекет тарабынан колдоого алынган ири өндүрүш долбоорлорунун бири болуп саналат. Финансы министрлиги мамлекеттин атынан кепилдик берип, заводду зарыл каржы ресурстары менен камсыздоого жана

Күйүүчү майдын баасын мамлекет көзөмөлгө алат

Күйүүчү майдын баасын мамлекет көзөмөлгө алат

Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу боюнча жаңы токтом кабыл алды. Жаңы чечимге ылайык, 25-майдан 30-сентябрга чейин мамлекет бензин, дизель жана суюлтулган газ импортун субсидиялайт. Өкмөт бул кадам күйүүчү май тартыштыгын алдын алып, баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө үчүн жасалып жатканын билдирди. Ошондой эле импорттолгон күйүүчү майга туруктуу баалар бекитилип,