Финансы министрлиги менен Соцфонддун туура эмес эсебинен 380 млн сом ашыкча которулган

Финансы министрлиги менен Соцфонддун туура эмес эсебинен 380 млн сом ашыкча которулган

Финансы министрлиги менен Соцфонддун туура эмес эсебинен 380 млн сом Соцфондго ашыкча которулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында комитеттин мүчөсү Жылдыз Садырбаева социалдык төлөмдөргө каражат жетпей жатса, аудиттин жыйынтыгында 380 млн сом эмне үчүн Соцфонддо бир жыл бою колдонулбастан жөн эле турганына жана ал кайсы банкта жатканына, бул кимдин катасы экенине кызыкты.

Эсеп палатасынын өкүлү Алимжан Байгазаков аталган каражат сапаттуу эсептелбегендиктен ушундай көрүнүш болгонун айтты.

“Жылдын башында сапаттуу эсептелбегендиктен республикалык бюджеттен Соцфондго ашыкча которулган. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал республикалык бюджетке кайтарылды. Финансы министрлиги жана Соцфонддун кызматкерлери туура эмес эсептешкен”, – деди Байгазаков.

Ал эми Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев бул кадимки эле көрүнүш экенин айтты.

“Бул жыл сайын эле болуп келет, жылдын аягында ашкан сумманы кайра бюджетке өткөрүп беребиз. Анткени Соцфонд бир жыл ичинде канча пенсионер көз жумат, канчасы көчүп кетет билбейт. Бирок 2023-жылга тагыраак эсептегенге аракет кылып жатабыз. Ошондо деле так сандарды айта албайбыз. Аудит жыл сайын жазбайт эле, ушул жылы жазып калыптыр. 70 млрд сомдон 200 млн сом жыл сайын эле калып турат”, – деди Алиев.

Депутат Эсеп палатасы каржылык мыйзам бузуу деп эсептесе, демек, жазылыш керек деди.

Мындан тышкары окуңуз

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Ташкент облусундагы “Навои” бажы бекетинде бир аял ымыркай баласынын жалаягына 200 грамм салмактагы эки алтын куйманы аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Өзбек Республикасынын бажы комитетинен кабарлашты. Баласынын жалаягына катылган алтындан сырткары, кармалган аялдын жанында бажы көзөмөлүнө декларацияланбаган - 70 гр салмактагы зер буюмдар табылган. Алдын

Сыны айылында 178 млн сомго каржыланган мектеп курулуп бүттү

Сыны айылында 178 млн сомго каржыланган мектеп курулуп бүттү

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, анын жалпы наркы 178 млн сомду түздү. Мектептин курулушу 2025-жылы июлда башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу заманбап билим берүү имараты толугу менен

Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду

Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду

Бишкектин Калыс-Ордо конушунун тургундарынан аймактагы мончонун ишмердүүлүгүнө байланыштуу арыз түшүп, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү иштерин жүргүздү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, мончонун тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жатканы аныкталды. Натыйжада объекттин ээси бардык зарыл документтерди алганга чейин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Мындан тышкары, Аламүдүн

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду 100,5 млн долларлык долбоорлорду бекитти

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду 100,5 млн долларлык долбоорлорду бекитти

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду өнөр жайды жакшыртууга, инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана өндүрүштүк кооперацияны чыңдоого багытталган долбоорлорду каржылоону улантууда. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата жалпы наркы 100,5 млн долларды түзгөн 37 долбоор бекитилди. Анын ичинен 61,2 млн доллар фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланды. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун