Улуттук банк ФКУга Баткен жана Ош облустарында куралдуу кагылышууда жабыркагандардын кредиттерин кечүүнү сунуштады

Улуттук банк ФКУга Баткен жана Ош облустарында куралдуу кагылышууда жабыркагандардын кредиттерин кечүүнү сунуштады

Улуттук банк Башкармасы «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү маселелери боюнча КРнын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомун кабыл алды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди. 

Аталган токтомго ылайык, коммерциялык банктарга, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына (ФКУ) Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарлардан келип түшкөн бардык кайрылууларды талапка ылайык кароо боюнча төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:

  • болуп өткөн окуяда каза болгон, жарадар болгон, бизнесинен жана/же турак жай кыймылсыз мүлкүнөн ажыраган жарандардын кредиттерин эсептен алып салуу аркылуу чечимдерди кабыл алуу жана көмөктөшүү
  • кредиттерди реструктуризациялоо, анын ичинде жабыркаган кардарлардын кредиттеринин ордун жабуу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу
  • кредиттик келишимдердин шарттарын кайра кароого байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегербөө жана албоо
  • кредиттик келишимде каралган милдеттенмелер аткарылбагандыгы/талапка ылайык аткарылбагандыгы үчүн кардарларга айыптык санкцияларды колдонбоо, анын ичинде үстөк айыпты (айып пул/туум) чегербөө
  • кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун алкагында жабыркаган кардарларга башка жардам көрсөтүү чараларын караштыруу.  

Токтомдо жабыркаган кардарлардын кредиттерин реструктуризациялоодо ФКУлардын активдерин классификациялоо шарттарын жеңилдетүү ченеми, финансы-кредит уюмдарына жана кредиттик бюрого маалымат берүү талаптарын жеңилдетүү каралган.  

Буга кошумча ФКУларга токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде Баткен жана Ош областтарында 2022-жылдын сентябрында болгон окуядан жабыр тарткан кардарларына ушул токтом тууралуу өздөрүнүн расмий интернет-сайттарына жарыялоо, ошондой эле кардарлар менен байланышуунун башка каражаттарында жарыялоо аркылуу маалымат берүү зарылдыгы белгиленген.  

ФКУдан алынган маалыматка ылайык, азыркы учурда кардарлардын кайрылууларын тиешелүү деңгээлде кароо, айып пул жана туум чегерүүнү убактылуу токтотуу, кредиттерди реструктуризациялоо иштери жүргүзүлүп жатат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн