Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана курууга 50 млн долларлык келишим иштелип чыгат - ОКӨФ

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана курууга 50 млн долларлык келишим иштелип чыгат - ОКӨФ

Орус-кыргыз инвестициялык форумдун жыйынтыгында 500 млн долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 20 документке кол коюлганын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди.

«Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн 50 млн долларга келишим иштелип чыгат. Келерки жылы аны ишке ашырууга киришебиз деп ишенем. Ошондой эле күн станцияларын куруу, темир жолго жогорку сапаттагы россиялык жабдууларды, Ош шаардык мэриясы үчүн жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды алып келүү боюнча келишимдерге кол коюлду», – деди ОКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, Баткен облусунда газобетон заводун түзүү боюнча эң ири долбоорго капсула салынып, курулуш иштери башталган. Тагыраак айтканда, ОКӨФ Баткен районунун Халмион айылында КРдагы биринчи автоклавдык газобетон чыгаруучу заводдун курулушун каржылайт. Заводдун кубаттуулугу жылына 160 миң куб метрди түзөрү белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Ташкент облусундагы “Навои” бажы бекетинде бир аял ымыркай баласынын жалаягына 200 грамм салмактагы эки алтын куйманы аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Өзбек Республикасынын бажы комитетинен кабарлашты. Баласынын жалаягына катылган алтындан сырткары, кармалган аялдын жанында бажы көзөмөлүнө декларацияланбаган - 70 гр салмактагы зер буюмдар табылган. Алдын

Сыны айылында 178 млн сомго каржыланган мектеп курулуп бүттү

Сыны айылында 178 млн сомго каржыланган мектеп курулуп бүттү

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, анын жалпы наркы 178 млн сомду түздү. Мектептин курулушу 2025-жылы июлда башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу заманбап билим берүү имараты толугу менен

Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду

Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду

Бишкектин Калыс-Ордо конушунун тургундарынан аймактагы мончонун ишмердүүлүгүнө байланыштуу арыз түшүп, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү иштерин жүргүздү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, мончонун тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жатканы аныкталды. Натыйжада объекттин ээси бардык зарыл документтерди алганга чейин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Мындан тышкары, Аламүдүн

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду 100,5 млн долларлык долбоорлорду бекитти

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду 100,5 млн долларлык долбоорлорду бекитти

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду өнөр жайды жакшыртууга, инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана өндүрүштүк кооперацияны чыңдоого багытталган долбоорлорду каржылоону улантууда. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата жалпы наркы 100,5 млн долларды түзгөн 37 долбоор бекитилди. Анын ичинен 61,2 млн доллар фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланды. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун