Бишкектин коомдук транспортто жол кире 22-32 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкектин коомдук транспортто жол кире 22-32 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Инфляцияга жана баанын өсүшүнө байланыштуу Бишкектин коомдук транспортторунда жүрүү тарифтери көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Орозбекович билдиргенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Нусувалиевдин айтымында, транспорт тармагында оор абал пайда болду. 2021-жылдын сентябрь айында тарифтер акыркы жолу кайра каралып чыккандан тартып, КММдын, запастык бөлүктөрдүн жана башка милдеттүү чыгымдардын наркы кыйла өстү. 

Учурдагы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, автобуста жана троллейбуста 11 сом, кичиавтобустук каттамда 15 сомду түзөт.

“Жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун иш жүзүндөгү өздүк наркы накталай эсептешүү тарифинен ашып кетти. Натыйжада, транспорт ишканаларында жүгүртүү каражаттардын жетишсиздиги, материалдар жана эмгек акы боюнча карыздар пайда болуп жатат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Токтомго ылайык, Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу тарифтерин өзгөртүү маселесин кароодо эксплуатациялык чыгымдардын жана инфляциянын өзгөрүүсүн эске алуу керек.

2021-жылы тарифтер кайра каралгандан бери күйүүчү майдын 1 литринин баасы 41 сомдон (жол кирени кабыл алууда комиссиянын эсептөөлөрү боюнча) 75 сомго чейин (2022-жылдын 1-октябрына карата) көтөрүлдү.


Бүгүнкү күндө жол кире тарифин төмөнкүдөй белгилөө пландаштырылууда:

Бир жүргүнчүгө жол кире:

  • троллейбуста – 15 сом
  • менчигинин түрүнө карабастан автобуста (өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) – 15 сом
  • менчигинин түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы автобустарда: 6:00дөн 20:30га чейин – 21 сом,
    20.30дан 6.00гө чейин – 32 сом
  • менчигинин түрүнө карабастан атайын чакан класстагы экспресс-автобустарда: № 233, № 234 – 22 сом
  • № 123, № 226, № 252 – 32 сом.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн