Эмгек министрлиги «Санарип көчмөн» макамын алуу үчүн 600дөн ашык арызды кабыл алды

Эмгек министрлиги «Санарип көчмөн» макамын алуу үчүн 600дөн ашык арызды кабыл алды

Эмгек министрлиги “Санарип көчмөн” макамын алуу үчүн 600дөн ашык арызды кабыл алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Министр Россиянын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Молдованын жана Казакстандын IT тармагында иштеген резиденттери Кыргызстанга киргенден кийин “Санариптик көчмөндөр” катары каттала алышарын жана бул статус аларга өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүндүк бере тургандыгын айтты.

“Бүгүнкү күндө бизге 600дөн ашык адам кайрылды, анын 150сү бул макамды алышты, калган документтер каралууда», – деди министр.

Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаментинин башчысы Нурсултан Сардарбековдун билдиргенине караганда, 2022-жылдын башынан бери Кыргызстанга 192 258 россиялык жаран келген. Анын ичинен 1631 адам Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз берген.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн