Уставдык капиталы 25 млн доллар болгон Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт

Уставдык капиталы 25 млн доллар болгон Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт

Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, колдоо тапканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов маалымат берди.

Бул макулдашуунун долбоорунун негизинде Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда уставдык капиталы 25 млн АКШ долларын түзгөн биргелешкен эки тараптуу инвестициялык фонд түзүү сунушталууда.

25 млн долларды түзгөн уставдык капиталды азербайжан тарап кошот. Уставдык капиталды 50 млн долларга чейин көбөйтүү пландалууда. Уюмдун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашат. Фондду түзүү инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү үчүн түрткү болоору белгиленүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги бир катар объектилер текшерилди

Бишкектеги бир катар объектилер текшерилди

5-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы билим берүү мекемелерин жана жол-транспорт инфраструктурасынын объектилерин кыдыруу аркылуу алардын курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, алгачкы текшерилген объект №57 жалпы орто билим берүү мектеби болду. Бул жерде Капиталдык курулуш башкармалыгы

Журналист Жээнбай Каракүчүковду сабаган жаран камакка алынды

Журналист Жээнбай Каракүчүковду сабаган жаран камакка алынды

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы УТРКнын “Телекүзөт” программасынын редактору Жээбай Каракүчүковго кол салууга шектелген жаранды кармаганын билдирди. Маалыматка ылайык, окуя жарандардын кайрылуусу боюнча тартуу иштери жүрүп жаткан учурда болгон. Бул факты боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталып, 1995-жылы туулган Т.Ж.

Доллар туруктуу, рубль төмөндөдү: расмий валюта курстары жаңырды

Доллар туруктуу, рубль төмөндөдү: расмий валюта курстары жаңырды

Улуттук банк 6-августка карата чет өлкөлүк валютанын расмий курсун белгиледи. Ага ылайык, доллардын курсу өзгөрүүсүз калып, 87,4500 сомду түздү. Евро 100,6331 сомдон 100,8867 сомго чейин жогорулап, 0,2536 сомго же 0,25%га өстү. Теңге 0,1853 сомдон 0,1860 сомго чейин көтөрүлүп, 0,0007 сомго

Бишкекте коомдук транспорттун коопсуздугу жана тейлөө сапаты талкууланды

Бишкекте коомдук транспорттун коопсуздугу жана тейлөө сапаты талкууланды

Күн мурун Бишкек шаарында мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында "Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасынын жетекчилиги жана каттам бригадирлеринин катышуусунда жыйын өттү. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жыйында коомдук транспорттун ишинин сапатын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, тейлөө маданиятын жакшыртуу жана айдоочулардын эмгек шарттары талкууланды. Жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө