Азербайжан менен КРнын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Азербайжан менен КРнын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин КРга мамлекеттик сапарынын алкагында кечээ, 11-октябрда, кыргыз-азербайжан биргелешкен кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев КР менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун Чечимине кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. КРнын министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу
  2. КРнын министрлер кабинети менен АРнын өкмөтүнүн ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу
  3. КРнын Тышкы иштер министрлиги менен АРнын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасы
  4. КРнын министрлер кабинетине караштуу КРнын Социалдык фонду менен АРнын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө Протокол
  5. КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен АРнын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана өз ара түшүнүшүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум
  6. КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен АРнын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
  7. КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен АРнын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
  8. Бишкек шаары менен Баку шаарынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн