Электрондук патент алууда убактылуу кыйынчылыктар болууда - МСК

Электрондук патент алууда убактылуу кыйынчылыктар болууда - МСК

Мамлекеттик салык кызматы Төлөм шлюзунун жаңылануусуна байланыштуу электрондук патент/полис үчүн онлайн төлөм жүргүзүүдө кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди.

МСК төлөм шлюзунун жаңылануусуна байланыштуу электрондук патент/полис үчүн төлөм жүргүзүүдө салык төлөөчүлөрдө кыйынчылыктар болуп жаткандыгын билдирет.

2022-жылдын 1-октябрынан баштап электрондук патент үчүн төлөмдөрдү кабыл алууга жооптуу болгон электрондук төлөм системасы (төлөм шлюзу) “Инфоком” мекемесинин карамагынан “Инфосистемс” мекемесинин карамагына өткөрүлүп берилген, андан кийин “Инфосистемс” жаңыланган төлөм шлюзун ишке киргизген.

“Бүгүнкү күндө көпчүлүк банктар жана төлөм уюмдары “Инфосистемс” мекемеси менен бирдикте жаңыланган төлөм шлюзуна кошулуу боюнча иштерди жүргүзүшкөн эмес, ошол себептен электрондук патент/полис үчүн акы төлөө өз убагында жүргүзүлбөй келүүдө”, – дейт МСК.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы патент/полис үчүн онлайн режимде төлөө мүмкүн болбогон учурда, патент/полисти кагаз түрүндө алуу үчүн жергиликтүү салык органына кайрылууну сунуштайт.

Салык кызматы жарандардын электрондук патент/полис үчүн онлайн режимде төлөм жүргүзүүсү үчүн төлөм шлюзунун ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча болгон мүмкүнчүлүгүн жумшоодо жана “Инфосистемс” мекемеси менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө курулуш компаниясын кара тизмеге киргизүү маселеси каралууда

Чүйдө курулуш компаниясын кара тизмеге киргизүү маселеси каралууда

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы тарабынан Москва районунун Ленин көчөсү №99 дарегинде курулуп жаткан 7 кабаттуу турак жай объектисине текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган. Буга чейин аталган мыйзам

Кыргызстан менен Венгрия технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Кыргызстан менен Венгрия технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Венгрия–Кыргыз өнүктүрүү фонду венгер технологияларын жана жабдууларын милдеттүү түрдө колдонуу боюнча инвестициялык долбоорлорду каржылоону улантууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, фонддун жарыяланган уставдык капиталы 50 млн долларга чейин көбөйтүлүп, анын ичинен төлөнгөн капиталы 26 млн долларга жетти. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча,

Ноокенде заманбап логистикалык борбор куруу пландалууда

Ноокенде заманбап логистикалык борбор куруу пландалууда

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Туу айылынын Кен-Сай тилкесинде курула турган мөмө-жемиштерди сактоочу транспорттук-логистикалык борбордун эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана ташуу үчүн заманбап

Оштун Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду

Оштун Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду

Ош шаарынын Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду. Буга чейин бул аймактарда таза суу системасы болгон эмес. Ош шаардык мэриясынын малыматына ылайык, учурда эки айылдагы жалпысынан 900 кожолукка таза суу берилди. Дагы 100 үйдү таза суу тармагына кошуу иштери уланууда. Белгилей кетсек, буга чейин аталган айылдарда