Релоканттар жана бизнес үчүн Экономика министрлиги Telegram чат-ботун ишке киргизди

Релоканттар жана бизнес үчүн Экономика министрлиги Telegram чат-ботун ишке киргизди

Бизнес чөйрөсү жана КРга көчүп келген чет элдик жарандар үчүн Telegramда чат-боту ишке киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

Аталган чат-бот жарандарга биздин өлкөдө зарыл болгон эсепке алуу жана каттоо процедуралары боюнча маалымат алууну жеңилдетет.

Telegram’дагы чат-бот бөлүмдүн сайтында жайгашкан, иштелип чыккан беш бизнес колдонмолордун негизинде түзүлгөн. Эми популярдуу мессенжерде бир катар маанилүү темалар боюнча суроолорду берсе болот.

  • Чат-бот үч тилде иштейт: кыргыз, орус жана англис тилдеринде.

“Эгерде сиз чет мамлекетке келип, бизнес ачууну көздөп жаткан болсоңуз, анда салык салуу принцибин гана эмес, эң негизги нерселерди: кайда баруу керек, эмнени алып баруу керек, ким менен байланышуу керек экенин билүү маанилүү. Биз бул суроолордун баарына нускаманын жардамы менен жооп берүүгө аракет кылдык”, – деп айтты КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова.

Чет элдик жарандар бизнести каттоо, салык салуу, Ишкерлерди тейлөө борбору, салык отчеттуулугу, Санариптик көчмөн статусу боюнча суроолоруна керектүү жоопторду ала алышат.

Чат-ботко бул шилтеме аркылуу кошулса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө курулуш компаниясын кара тизмеге киргизүү маселеси каралууда

Чүйдө курулуш компаниясын кара тизмеге киргизүү маселеси каралууда

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы тарабынан Москва районунун Ленин көчөсү №99 дарегинде курулуп жаткан 7 кабаттуу турак жай объектисине текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган. Буга чейин аталган мыйзам

Кыргызстан менен Венгрия технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Кыргызстан менен Венгрия технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Венгрия–Кыргыз өнүктүрүү фонду венгер технологияларын жана жабдууларын милдеттүү түрдө колдонуу боюнча инвестициялык долбоорлорду каржылоону улантууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, фонддун жарыяланган уставдык капиталы 50 млн долларга чейин көбөйтүлүп, анын ичинен төлөнгөн капиталы 26 млн долларга жетти. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча,

Ноокенде заманбап логистикалык борбор куруу пландалууда

Ноокенде заманбап логистикалык борбор куруу пландалууда

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Туу айылынын Кен-Сай тилкесинде курула турган мөмө-жемиштерди сактоочу транспорттук-логистикалык борбордун эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана ташуу үчүн заманбап

Оштун Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду

Оштун Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду

Ош шаарынын Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду. Буга чейин бул аймактарда таза суу системасы болгон эмес. Ош шаардык мэриясынын малыматына ылайык, учурда эки айылдагы жалпысынан 900 кожолукка таза суу берилди. Дагы 100 үйдү таза суу тармагына кошуу иштери уланууда. Белгилей кетсек, буга чейин аталган айылдарда