Түшүм арзан, андан башка бүт нерсе кымбат - таластык дыйкандар бийликке нааразы

Түшүм арзан, андан башка бүт нерсе кымбат - таластык дыйкандар бийликке нааразы

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов дыйкандар түшүм арзан болуп жатканын, солярка кымбат экенин, Айыл чарба министрлиги түшүмдү экспорттоого жардам бербей жатканын айтып нааразы болушканын билдирди.

Депутаттын айтымында, ал жакында эле Талас облусуна барган. Ал жердеги дыйкандар түшүм жыйноо убагында күйүүчү майдын баасы кымбат, ошол эле коңшу турган Казакстандын Тараз деген шаарында 39-40 сомдон сатылып жатканын, жок дегенде бир ай арзан баадагы солярка менен камсыз болушпаганын айтып нааразы болушкан.

“Картошканын баасы 14-18 сомго чейин, арпа – 17-19 сомго чейин, буудай – 20-22 сом, кара өрүктүн баасы – 17-20 сомго чейин экен. Быйыл түшүмдүн баасы арзан, сата албай жатабыз деп жатышат. Ушул боюнча дыйкандар Айыл чарба министрлиги элге жолугуп, биздин продукциябызды экспорттогонго, сатканга жардам бербейби деп жатышат.

Ошол эле Талас облусунда көмүрдүн баасы 6.5 миң сомдон 7 миң сомго чейин сатылып жатыптыр, бир кар жааса 10 миң сомго чыкпайт деп ким кепилдик бере алат? Азык-түлүк күндөн күнгө кымбаттап жатат, курулуш материалдары кымбаттап жатат, күйүүчү май кымбаттап жатат, көмүр, Монополияга каршы кызматыңар бар эле, ошолор чыгып, катуурак козөмөлдөп иш кылбайбы деп нааразы болуп жатышат”, – деди Жакышов.


Экономика министрлиги республика боюнча 5-октябрга карата А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орто эсеп менен 1 литри 61.6 сомдон, ал эми дизель майы 75.8 сомдон сатылып жатканын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн