«Аврора плюс» пансионатын мыйзамсыз менчиктештирүүгө жардам берген сотторго кылмыш иши козголду

«Аврора плюс» пансионатын мыйзамсыз менчиктештирүүгө жардам берген сотторго кылмыш иши козголду

УКМК Ысык-Көлдөгү «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы коттедждер жана батирлерди мыйзамсыз менчиктештирүүгө жардам берген деген айып менен сотторго кылмыш ишин козгогонун билдирди. Ошондой эле маалыматта бир катар депутаттар да пара алышканы айтылат.

2010-жылдын 25-майында КРнын Убактылуу өкмөтүнүн №43 Декрети менен 10 га жер тилкеси улутташтырылып, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан, Курменбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык 97 даана өлчөмүндөгү кыймылсыз мүлк объекттери мамлекеттин карамагына өткөн.

Бирок, кийин бул объектилер 3 инстанциядагы соттор тарабынан
атайылап адилетсиз чечимдерди чыгаруу менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган
. Ошол эле учурда судьялар «Аврора плюс» ишканасынан кымбат баалуу коттедждерди жана батирлерди кызыкдар тараптардан пара түрүндө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алышканы аныкталган.

“Ошондой эле, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана Жогорку
Кеңештин депутаттары «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы улутташтырылган мүлктү мамлекеттик менчиктен чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн коттедждер жана батирлер түрүндө пара катары алышкан.

Натыйжада, суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 500 млн
сомдон
ашуун мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген”, – дейт УКМК.

КР МУКК чогулткан материалдардын негизинде, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан КРнын Жогорку Сотунун мурдагы Төрагасы Д.Ф.З., Жогорку Соттун төрагасынын мурдагы орун басары С.Э.Э., Кыргыз РРнын Жогорку Сотунун азыркы судьялары А.Н.М., О.К.Т. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы К.К.Ж. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, аталган кызмат бул кылмыш иштерин
иликтөөнүн алкагында Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мурда улутташтырылган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүп жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн