Бүгүн Астанада Садыр Жапаровдун, Владимир Путиндин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт

Бүгүн Астанада Садыр Жапаровдун, Владимир Путиндин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара учурашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү менен башталып, ага президент Садыр Жапаров жана АӨИЧК мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогго жана Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө боло турган аймактык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди кубаттай турганын белгиледи.

“Мындан тышкары, ушул эле күнү Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт“, – деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Ошондой эле эртең, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана «Борбор Азия+Россия» Мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Эске салсак, аталган жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар 14-октябрга чейин созулат. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн