Бразилиядан импорт бир жылда 564%га өстү - чийки кумшекер келет

Бразилиядан импорт бир жылда 564%га өстү - чийки кумшекер келет

2022-жылдын январь-август айларында Бразилиядан Кыргызстанга 43.8 млн долларга кумшекер импорттолгон, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 564%ды түзгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди.

Кыргызстанга импорттолгон товарлардын көлөмүнүн өсүшү боюнча Кытай экинчи орунда турат, тагыраак айтканда, ал 2.5 млрд долларга жеткен (өсүү 223%). Ошол эле учурда Кыргызстандын Кытайга экспорту 40.9 млн доллардан 44.5 млн долларга чейин 8.9%га гана өскөн.

Россиядан импорт 32.7%га – 1.1 млрд доллардан 1.5 млрд долларга өстү. Мындан тышкары, Кыргызстандын Россияга экспортунун көлөмү мактанаарлык – 238 млн доллардан 445 млн долларга чейин өстү.

Отчеттук мезгилде Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 7.2 млрд долларга жетип, анын ичинен 6 млрд доллар импортко, 1.2 млрд доллар экспортко туура келген.

Кошумча окуңуз:

КР Бразилия, Индия, Афганистан өлкөлөрүнөн 35 млн долларлык кумшекер импорттоду

Кыргызстан өзүнүн кант кызылчасынан кумшекер өндүрүп баштады

Кыргызстандагы кум шекер Бразилиядан келген чийки кум шекерден өндүрүлөт — логистикадан улам баасы жогору

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн