Эл аралык издөөдөгү европалык Land Rover унаасы Бишкектен табылды

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына Европадан уурдалган деген Land Rover үлгүсүндөгү унаа Бишкекте жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Борбор калаада оперативдик иликтөө учурунда тергөөчүлөр унаанын жүргөн жерин аныктап, анын айдоочусу К.М. аттуу 1995-жылы туулган жаран экенин аныкташкан.

Иликтөөнүн корутундусуна ылайык, Land Rover үлгүсүндөгү унаанын кузовунун номери өз алдынча жасалма жол менен өзгөртүлгөн. Диагностикалык сканерди колдонуу менен унаанын чыныгы идентификациялык номери табылган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 380 беренеси боюнча (транспорт каражатынын идентификациялык номерин жасалмалоо, жок кылуу) кылмыш иши козголду.

Интерполдун маалыматы боюнча, унаа 2020-жылы Германияда эл аралык издөөгө алынган.

Ошондой эле ИИМ жарандарды унаа сатып алууда техникалык жана юридикалык жактарын тыкыр текшерүү керектигин эскертет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды