КР көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салууну көздөөдө

КР көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салууну көздөөдө

КР 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салат. Мындай маалыматты Энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.

Министр өлкөдө көмүргө суроо-талап көп болгондуктан, тыюу салуу пландалып жатканын айтты.

“Бүгүнкү күндө Кара-Кеченин көмүрүн 20 тонналык фуралар менен чет жакка чыгарып жатышат. Алсак, ушул жылдын январь-сентябрында 178 миң 264 тонна көмүр экспортко кеткен. Бирок өлкөдө көмүр таңкыстыгы жок. Ата мекендик жана импорттук көмүрдү жеткирүү өз убагында аткарылууда”, – деди Ибраев.

Ошондой эле ушул эле жыйында октябрь айында кызматка дайындалган “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) алына турган 400 миң тонна импорттук көмүр тендерсиз алына тургандыгын билдирди.

“Кызматка келгенде экономикалык жана техникалык жактан анализ жүргүзүп, калкты электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кошумча 400 миң тонна көмүр сатып алуу чечими чыккан. Аны сатып алууга бюджетте каражат жетиштүү. Көмүр алуу үчүн тендер өткөрүүгө убактыбыз жок, эртең ноябрь. Андыктан ортомчу жок бир булак менен келишим түзүлөт”, – дейт ал.

Белгилей кетсек, министр Ибраевдин айтымында, күз-кыш мезгилине көмүр, газ, мазут, электр жарыгын алууга 9 млрд сом каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн