Кыргызстанга келген россиялыктардын 96%дан ашыгы өлкөдөн чыгып кетишти - Эмгек министрлиги

Кыргызстанга келген россиялыктардын 96%дан ашыгы өлкөдөн чыгып кетишти - Эмгек министрлиги

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстанга 760 миң россиялык жаран келген. Алардын 730 миңи өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев парламенттин жыйынында билдирди.

Депутат Надира Нарматова россиялык жарандардын массалык агымына тынчсызданды. Анын айтымында, учурда өлкөдө Россиядан аскерге чакырылгандар көп, бул мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратат.

УКМКнын өкүлү Канжар Бакаев ведомстводо КРга келген бардык россиялыктар тууралуу маалымат бар экенин белгиледи.

«Бизге келген россиялыктардын так саны бар. Алардын эсеби жана өлкөдө жүрүү убактысы бар. Ички иштер министрлиги менен биргеликте алардын экстремисттик жана террористтик топторго тиешеси бар же жок экенин текшерип жатабыз», – деп жооп берди Бакаев.

Эске салсак, 21-сентябрда орус бийлиги жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Андан кийин Грузия, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөргө кеткен орус жарандарынын агымы көбөйгөн.

Кошумча окуңуз:

Марттан бери Кыргызстанга Россия, Беларусь жана КМШ өлкөлөрүнөн 50дөн ашык IT-компаниялар келишти

Россиялыктардын агылып келиши Кыргызстандын экономикасына кандай таасир этет?

Кыргызстанга кызыккан россиялыктар көбөйдү — сегиз айда 170 миң орус жараны катталды

Кыргызстан россиялыктар жайында эс алууну пландаган алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн