Москвада кыргыз товарларынын биринчи Экспо-көргөзмөсү өтөт - компаниялар чакырылууда

Москвада кыргыз товарларынын биринчи Экспо-көргөзмөсү өтөт - компаниялар чакырылууда

17-19-ноябрь күндөрү Москвадагы Main Stage көргөзмө комплексинде кыргыз товарларынын биринчи Экспо-көргөзмөсү өтөт.

Интернеттеги маалымат булагына таянсак, көргөзмөгө текстиль, кийим-кече, бут кийим, курулуш материалдары, зергерчилик, Агро, тамак-аш жана суусундуктар, алкоголдук ичимдиктер, туризм, курулуш компаниялары, банктар катыша алышат.

“Биз биргелешип Россия рыногун өздөштүрөбүз. Дал ушул мезгилде мындай масштабдуу иш-чараларды өткөрүү абдан маанилүү. Себеби, Россиянын рыногунда батыш компанияларынын агылып чыгып кетиши – ал жердеги боштукту пайда кылды. Бул көргөзмөнү биздин ата мекендик компанияларга россиялык рынокту өздөштүрүүгө чоң жардам берет. Биздин өлкөнүн азыркы тарыхында мындай масштабдуу иш-чара болгон эмес”, – дейт уюштуруучулар.

Made in KG өлкө брендинин астында 130 стендде 130 компания көргөзмөгө катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле уюштуруучулар Россиядан кийин мындай иш чараларды Европа өлкөлөрү, Кытай жана башка көптөгөн мамлекеттерде өткөрүүнү пландашууда.

  • Катышууга кызыккан компаниялар төмөнкү адрес боюнча байланышса болот: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 126, “Сфера” бизнес борбору, тел., 0508 55-00-11, 0708 55-00-11

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн