«Тулпар» жылдын инновациялык долбоору деп табылды

«Тулпар» жылдын инновациялык долбоору деп табылды

BPC KG компаниясы Улуттук инвестициялык агенттиктин алдындагы мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору тарабынан уюштурулган эл аралык конференцияда «Коомдук транспортто электрондук билеттер» долбоору үчүн сыйланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, BPC KG 2019-жылдан бери иштеп келе жатат. 2020-жылдын 1-мартынан тарта система коммерциялык ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө электрондук билет системасы бардык муниципалдык коомдук транспортторду камтыйт. Накталай эмес төлөмдөрдүн беш түрү киргизилип, “Тулпар” мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, аны 20 миңден ашык жаран колдонот.

Эл аралык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк конференциясы 5-6-октябрда Бишкекте Азия өнүктүрүү банкынын, Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык Экономикалык Комиссиясынын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен өттү.

Кошумча окуңуз:

Эми коомдук транспортто «Тулпар» жана Visa карталары менен жол акысын төлөсө болот

1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда накталай акча кабыл алынбайт – карталар тууралуу маалымат

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн