Веткызмат «жең ичинен сүйлөшүп» шарп оорусуна каршы 67.5 млн сомго сертификатсыз вакцина сатып алган

Веткызмат «жең ичинен сүйлөшүп» шарп оорусуна каршы 67.5 млн сомго сертификатсыз вакцина сатып алган

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызмат поливаленттүү типтеги шарп оорусуна каршы вакциналарды “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды бузуу менен сатып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Алсак, аталган кызмат жабдып берүүчүнүн катынын негизинде жалпы суммасы 67 млн 560 миң сомго 2 млн доза A Iran-2005, A Sea-97, O PanAsia-2, O Ind-2001, Asia-1 Sindh-08 алынган, бирок кат расмий түрдө аталган Кызматка келип түшкөн эмес жана белгиленген тартипте катталган эмес.

Мында, Веткызматтын кызмат адамдары кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу менен поливаленттүү типтеги шарпка каршы вакцинанын Техникалык өзгөчөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизишкен, ошону менен “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КРнын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен бир гана жабдып берүүчү үчүн шарт түзүшкөн.

Ошондой эле жогоруда аталган вакцинаны Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаменттен ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө Техникалык регламенттин талаптарын бузуу менен каттоосуз жана сертификаттоосуз сатып алышкан.

Анда ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбеген ветеринардык дары каражаттары шайкештик белгиси менен маркаланбашы керек жана рынокко жайгаштырууга жол берилбейт деп көрсөтүлгөн. Сертификат продукциянын үлгүсүнө сыноо жүргүзүлгөндөн кийин жеткирүү башталганга чейин берилет.

“Мындан тышкары, КРнын аймагында «A Sea-97» жана «O Ind-2001» шарп түрлөрү расмий катталган эмес. Ошондой эле, Веткызматтын кызмат адамдары “В” деп аталган жабдып берүүчү тараптын кызыкчылыктарын көздөп, жүргүзүлгөн тендерден жана вакцина алып келинген кийин өздөрү мыйзамсыз түрдө Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаментке жогоруда аталган вакцинаны каттоого жана сертификациялоого арыз беришкен, мында жабдып берүүчү өзү тендер өткөргөнгө чейин бул продукцияны каттоого жана сертификациялоого арыз берүүүгө тийиш”, – дейт прокуратура.

Техникалык регламентке ылайык, каттоо жүргүзүүгө байланышкан бардык чыгымдар арыз ээси тарабынан төлөнөт, ал эми Веткызматтын бюджетинде бул чыгымдар каралган эмес.

Мындан кийин, Департамент тарабынан бул вакцина Техникалык регламенттин белгиленген талаптарына шайкеш келбейт деген эксперттин корутундусун чыгарган жана шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган. Андыктан, аталган кызмат адамдарынын иш-аракеттеринен улам мамлекетке өзгөчө ири суммада зыян келтирилген. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

  • Башкы прокуратурасынын Ишкерлердин укуктарын жана экологиялык мыйзамдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын ишеним телефондору (0312) 88-90-33, 0500 19-20-54.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн