«Кыргызтеплокоммунэнерго» МИ жабдууларды сатып алуу боюнча ишенимсиз компания менен келишим түзгөн

«Кыргызтеплокоммунэнерго» МИ жабдууларды сатып алуу боюнча ишенимсиз компания менен келишим түзгөн

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтеплокоммунэнерго» МИге от казандарды алып келип бере турган болуп келишим түзгөн ишкана, 4.7 млн сомун алып, бирок жабдууларды жеткирип бербегени аныкталган.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Кыргызтеплокоммунэнерго» МИде «Кыргызтеплокоммунэнерго» МИнин «Нарын МПТ» филиалына 2 даана КВм-2,5 МВт от казандарын сатып алуу конкурсу өткөрүлгөн. Бул конкурстун жеңүүчүсү болуп «О.ц.З.К.» ЖЧКсы табылган.

«Кыргызтеплокоммунэнерго» МИ менен аталган ЖЧКнын ортосунда жалпы суммасы 9 млн 499 миң сомдук жабдууларды алып келүү келишими түзүлгөндөн кийин жогоруда аталган коомго 50% өлчөмүндөгү жалпы суммасы 4 млн 749 миң 920 сомду түзгөн алдын ала төлөм төлөнүп берилген.

“Келишимдин шарттарына ылайык, «О.ц.З.К.» ЖЧКсы 2022-жылдын 31-июлуна чейин от казандарды алып келүүгө милдеттүү болгон. Бирок, аталган ЖЧКнын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, көрсөтүлгөн мамлекеттик акча каражатын алып, жогорудагы от казандарды сатып алуу үчүн максаттуу пайдаланбастан, бул каражаттарды өзүнө ыйгарып алышкан”, – дейт ИИМ.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн