Тиешелүү министрликтерге Камбар-Ата-1 ГЭСтин долбоорун тездетүү тапшырылды

Тиешелүү министрликтерге Камбар-Ата-1 ГЭСтин долбоорун тездетүү тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, 2-гидроагрегатты ишке киргизүү жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин жер үстүндөгү төгүүчү жайын куруу долбоорлору боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, мындан төрт ай мурун КРнын президенти тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭС тилкесинде даярдоо иштеринин алгачкы этабына старт берилген, анда көпүрө, туннель, жолдор, көмөк чордон жана вахталык шаарча курулушу камтылган. 

Андан бери долбоорду каржылоо маселеси чечилди – жылдарга бөлүү менен 1 млрд 555 млн 600 миң сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүнгөн. Ошондой эле башкы подрядчы болуп – «Нарынгидроэнергокурулуш» ачык акционердик коому аныкталган. 

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата ГЭСи өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн өтө зарыл болгон эң ири энергетикалык объект болорун белгиледи. 

Буга байланыштуу тиешелүү министрликтердин жетекчилерине заманбап технологияларды жана экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен мурда иштелип чыккан техника-экономикалык негиздемени жаңылоо боюнча ишти тездетүү тапшырылды. 
Төрөбаев казылып алынуучу отундан кайра жаралуучу энергия булактарына өтүүгө байланышкан учурдагы экономиканын тенденциясына өзгөчө көңүл бурду. 

«Жашыл экономика» экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча дүйнөлүк күн тартипти жактоо менен инвесторлор келе турган маяк болуп саналат. Дүйнөлүк таблоиддердин айтымында, экологиялык тобокелдиктерди эске алган компаниялардын акциялары туруктуу өсүштү жана туруктуулукту көрсөтүүдө», – деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн