12 миң мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы боюнча материалдар прокуратурага берилди - МСК

12 миң мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы боюнча материалдар прокуратурага берилди - МСК

Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялары боюнча 12 миңден ашуун материалды прокуратурага өткөрүп бергенин кабарлады.

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 2021-жылдагы салык декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча иштердин алдын ала жыйынтыктарын чыгарды.

Талдоонун жыйынтыгында декларацияланган активдер менен башка булактардан алынган маалыматтардын ортосунда айырмачылыктары бар декларанттар боюнча тиешелүү корутундулар прокуратура органдарына берилип, башка мыйзам бузуулар да аныкталган.

“Юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына 12 миң 844 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге карата маалыматтар жана корутундулар берилген.

Анын ичинен 5300 декларант декларация тапшырган жок, 1792си мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен, ал эми 5752си анык эмес маалыматтар менен тапшырган”, – дейт Салык кызматы.

Жалпысынан 2022-жылдын 1-октябрына карата салык органына 58 миң 930 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялары электрондук түрдө тапшырылган. 4886 адам такталган декларацияны 30-июнга чейин тапшырышкан.


Эске салсак, 1-апрелде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктап, 30-июнга чейин алар такталган декларацияны тапшырууга укуктуу болчу.

Декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын текшерүү үчүн КР Улуттук банкынан, коммерциялык банктардан эсептешүү жана башка эсептердин бар экендиги, ошондой эле мамлекеттик органдардан компаниялардын уставдык капиталында үлүштүн, акциялардын жана баалуу кагаздардын ж. б. болушу жөнүндө суроо-талаптар жөнөтүлгөн жана тиешелүү маалыматтар алынган.

Кошумча окуңуз:

Минкаб декларация тапшыруу боюнча өзгөртүлүп жаткан мыйзам долбоорун парламентке алып чыкты

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн