Тогуз айда жолдорду оңдоого 17.5 млрд сом бөлүндү - анын 10 млрд сомун донорлор беришкен

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында жолдорду капиталдык жана орто ремонттоого 17.5 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Транспорт министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, анын 7.5 млрд сому мамлекеттик бюджеттен бөлүнсө, калган 10 млрд сому донорлордон түшкөн. Алар жолдорду куруу боюнча 15 инвестициялык долбоорду ишке ашырууга багытталат.

«342 чакырымдык жол асфальтталды, инвестициянын эсебинен узундугу 90 км болгон жаңы асфальт жол салынды, 88 км орто оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан 500 чакырымдан ашык жол оңдолду», – деди Кайынбаев.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды