Баткенде жабыркаган жарандардын 13 млн сомдук 250 кредити кечирилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусунун жабыркаган тургундары тарабынан алынган 250 кредит кечирилгенин билдирди.

Анын берген маалыматы караганда, коммерциялык банктар 14-17-сентябрда Баткен облусунда орун алган окуядан жабыркаган жана насыясы бар жарандар менен иш алып барууда.

“Учурда жалпы суммасы 13.5 млн сомдук 250 кредит кечирилип, 2.5 млн сом суммасындагы 13 кредит реструктуризацияланды.

«Ак-Сай айылынын четинде чакан чарбаны чоң ишканага – канаттуулар фабрикасына айланткан ишкер курман болгонун билесиңер. Анын дээрлик 9 млн сомго жакын банктагы карыздары жабылды. Мен бул компанияга жеке өзүм бардым. Канаттуулар фабрикасы калыбына келтирилет жана кеңейтилет. Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө», – деди ал.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды