Көмүрдүн баасы Ош менен Бишкекте канчадан? - 1800 сомдук айырма бар

Көмүрдүн баасы Ош менен Бишкекте канчадан? - 1800 сомдук айырма бар

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ош, Бишкек шаарларындагы жана Чүй облусундагы сатылып жаткан көмүрдүн бааларына сереп салды.

Аталган кызматтын берген маалыматына таянсак, Оштун өзүндө “БК” маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы – 5400 сомдон 6200 сомго чейин калкка сатылууда.

“Бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында жеке ишкерлер тарабынан “БК” маркасындагы көмүрдүн баасы 1 тоннасы 6000 сомдон 7000 сомго чейин сатылууда”, – дейт аталган орган.

Чүй облусунун аймагындагы көмүрдүн баасына жана запастарына мониторинг жүргүзүлгөн.

“Жыйынтыгында, Токмок шаарындагы Кара-Кече кенинин көмүрү тоннасына 4600-4700 сомго сатылгандыгы аныкталган. Кара-Балта шаарында сатып алуучулар тоннасына 4700 сомдон 5000 сомго чейин беришет, ал эми бир кап көмүр 230-250 сом турат.
Чүй облусунун отун базаларындагы Шабыркүл жана Кара-Жыра
кендеринин көмүрүнүн чекене баасы тоннасына 5000 сомду түзөт”, – дейт Монополияга каршы кызмат.

Ал эми Бишкектеги отун базаларына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, Кара-Кеченин көмүрүнүн тоннасы 4800 сомдон сатылып жатканы аныкталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн