Кара-Кече көмүр кенине видеокамералар орнотулат

Кара-Кече көмүр кенине видеокамералар орнотулат

Кара-Кече көмүр кенине видеокамералар орнотулат жана быйыл 3.5 млн тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. 

«Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБде 253 миң тонна көмүр жана 4.2 миң тонна мазут бар. Оштогу ЖЭБди, ошондой эле калкты, бюджеттик уюмдарды жана мекемелерди көмүр менен камсыз кылууда көйгөй жок. Отун базаларында көмүр бар. Калктын аяр катмарына бир тоннадан көмүр бекер таратылды. Баткен облусунда жашаган 875 үй-бүлөгө 603.8 тонна көмүр акысыз берилди», – деди ал. 

Ошондой эле Жапаров Кара-Кече көмүр кенине видеокамералар орнотулуп, көмүр кениндеги абалды онлайн көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын билдирди. 

«Быйыл жабдууларды жеткирүү маселеси чечилди: 100 жүк ташуучу жарты вагон сатып алдык. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 245 млн сомго 54 даана атайын автоунаалар сатылып алынган, дагы 100 даана атайын тоо-кен техникасын лизингдик негизде алуу каралууда.

Эгерде өткөн жылдарда жылына 1.5 млн тоннага чейин көмүр казылып алынса, быйыл 3.5 млн тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Кошумча окуңуз:

КР көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салууну көздөөдө

Кыргызстан кышка карата Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттойт

Кара-Кече көмүр кенинин директорлугуна 33 жаштагы Азамат Караев дайындалды

Кара-Кечеден көмүр ташуу башталды — тоннасы — 1450 сом

КРга ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу Казакстан көмүрүн автоунаа менен экспорттоого тыюу салат

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн