Кемпир-Абад маселеси: Жыйында Ташиев коркутканга чейин барды

Кемпир-Абад маселеси: Жыйында Ташиев коркутканга чейин барды

Кыргыз бийлиги, президенттин администрациясы жарандык коомдун өкүлдөрүнө, активисттерге Кемпир-Абад боюнча расмий кайрылуу жасап, кыргыз-өзбек чек ара маселеси тууралуу кенен маалымат берүүгө аларды өкмөт үйүнө чакырган.

Бүгүн, 20-октябрда аталган кыргыз-өзбек чек ара маселесине арналган жыйынга кирип чыккан активист Тилекмат Куренов өзүнүн Фейсбук баракчасында чогулуш жабык өткөнүн, ага 200дөй адам катышканын, берилген суроолорго алгылыктуу жоопторду ала албаганын билдирди.

“Мүмкүн чын эле биз оппозиция болуп алып, ич күйдүлүк кылып жатабыз го деп ойлоп бардым эле, бирок берген суроолорубузга жоопту так бере алышкан жок, ынандырып, аргумент-факттарды бере алышкан жок.

Анан баягы эле жооп берип жатып “сен оппозициясың, сенин ниетиң бузук, сен көрө албайсың, сенин акылың жетпейт” деген сөздөрдү лексиконунда колдонуп жатышты, президентибиз баш болуп. Ташиев коркутканга чейин барды. “Бул жакта эч кандай сыр жок, бардык протоколдорду ачыкка чыгаргыла” десек, ратификацияга үч күн калганда чыгара тургандыгын айтышты”, – деген ал жыйын бүтө электе чыкканын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн