Кыргызстандыктарга браконьерлерди өз алдынча кармоого уруксат берилиши мүмкүн

Жаратылыш ресурстар министрлиги браконьерлерди (мыйзамсыз аңчылык менен алектенгендерди) кармоо үчүн берилүүчү бонустардын өлчөмүн өзгөртүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстар министрлигинин биоресурстар бөлүмүнүн башчысы Бекбатыр Бузурманов билдирди.

Бузурмановдун айтымында, демилгечилер карапайым жарандарга жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө браконьерлерди кармап, тиешелүү түзүмдөргө өткөрүп берүүнү сунуштап жатышат.

«Тилекке каршы, көптөгөн жарандар жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине кара аесуз мамиле кылып, алардын көптөгөн түрлөрүнүн жок болуу коркунучун түшүнбөй жатышат», – дейт Бузурманов.

Кошумчалай кетсек, агенттик 2023-жылдан 2026-жылга чейин жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизүүнү сунуштоодо.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды