RestPoint эс алуу бекеттеринде электр унааларын кубаттаган станциялар да болот

RestPoint эс алуу бекеттеринде электр унааларын кубаттаган станциялар да болот

КРдагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ата мекендик Spark компаниясы менен туристтер үчүн RestPoint эс алуу жайларында электр унааларын заряддоочу сегиз станцияны түзүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Кубаттоочу станциялар быйыл Кемин, Кажы-Сай, Нарын, Талас, Сосновка, Ош, Баткен жана Кара-Көл шаарларында пайда болот.

RestPoint жайларын уюштуруучулар келечекте өлкөнүн ар бир бекетинде ушундай кубаттоочу жай боло тургандыгына ишендиришүүдө.

Эске салсак, RestPoint эс алуу пункттары Туризмди өнүктүрүү фондунун колдоосу менен менен Нарын, Талас, Ысык-Көл, Ош, Кара-Көл, Жалал-Абад, Өзгөн жана башка шаарлардагы эң популярдуу жана эң көп туристтик шаарлар аралык каттамдарга курулуп жатат.

Жалпысынан фонд 68 эс алуу пунктун курууну пландаштырса, быйылкы жылы 21 RestPoint пайдаланууга берүү пландалууда.

  • RestPoint – бул туристтер жана саякатчылар үчүн эс алуу, маалымат алуу жана гаджеттерин заряддоо мүмкүнчүлүгү бар жай. Бул жерде террасада кофе ичип же душка түшүүгө болот. Ар бир RestPoint туристтик интерактивдүү дисплей менен жабдылат, анда саякатчыларга керек болгон маршруттар жана туристтик жерлер, эс алуу зоналары жана жакын жердеги кызыктуу жайлар жөнүндө бардык маалымат камтылат.

Кошумча окуңуз:

Кыргызстандын бардык туристтик маршруттарында эс алуу бекеттери пайда болот — Телефонду кубаттап, душка түшүп, кофе ичсе болот

«Туризмди өнүктүрүү фонду» КРнын туристтик объекттери менен иштөөгө сынак жарыялады

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн