Улуттук банк: комбанктар кайсы төлөм системалары менен иштөөнү өздөрү чечишет

Улуттук банк: комбанктар кайсы төлөм системалары менен иштөөнү өздөрү чечишет

Улуттук банк төлөм системаларына жөнүндө өзүнүн коммерциялык банктарга карата укуктары тууралуу эскертти.

«КРнын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 40-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банк конституциялык Мыйзамда жана КРнын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын учурдагы ишине кийлигишпей тургандыгын айтат.

Ошентип, КРын коммерциялык банктары төлөм системаларынын көз карандысыз катышуучулары катары КРнын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, кайсы система менен иштөө керектиги жөнүндө чечим кабыл алышат, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү жана башка талаптарды сактоо менен төлөм системалары менен иштөөдө тобокелдиктерге баа беришет.

Ушуга байланыштуу коммерциялык банктар тигил же бул төлөм системасы менен иштөөдө белгилүү бир чараларды же чектөөлөрдү кабыл алышы мүмкүн”, – дейт регулятор.

Кошумча окуңуз:

«Бакай Банк», «Дос-Кредобанк» жана «Компаньон» россиялык «Мир» карталарын тейлөөнү токтотту

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн