Жыл аягына чейин 366 млрд сомдук айыл чарба продукциясын өндүрүү күтүлүүдө

Жыл аягына чейин 366 млрд сомдук айыл чарба продукциясын өндүрүү күтүлүүдө

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы жана КРнын айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы менен куттуктады.

Президент куттуктоо сөзүндө үстүбүздөгү жылда республиканын айыл чарба секторунда акырындык менен алгылыктуу жылыштар боло баштаганын, буга агроөнөр жай комплексине мамлекеттик колдоонун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге, же 26.6 млрд сомго көбөйгөндүгүн белгиледи.

Ошондой эле Жапаров 2022-жылдын жыйынтыгында болжол менен 366 млрд сомдук айыл чарба продукциясын өндүрүүсү, же өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 42 млрд сомго, өсүү темпи 11%га көбөйөрү күтүлүп жатканын айтты. 

“Агрардык өлкө саналган Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин негизги багыттарынын бири – тамак-аш жана кайра иштетүү сектору. Бул тармакта үстүбүздөгү жылда жаңы 29 ири жана орто ишкана, 46 кичи ишкана түзүлүп, бул ишканаларда жаңы 750 жумушчу орун пайда болду. 

Кластердик өндүрүштү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын базасында түзүү жана аларды туруктуу өнүктүрүү максатында республикалык бюджеттен 10 млрд сом каралып, бул багытка республикалык бюджеттен 3.4 млрд сом бөлүндү, жыйынтыгында, социалдык маанидеги азык-түлүктүн 9 түрү боюнча кластерлер түзүлүп, тармакта кластердик өндүрүш жандана баштады”, – деди ал. 

Президент натыйжада тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай секторунда 2022-жылдын январь-август айларында 32.7 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, тармактын өсүү темпи 112.3%ды түзгөнүн же 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7.8 млрд сомго көбөйгөнүн билдирди. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн