LG компаниясы Подмосковьедеги заводун Өзбекстанга же Казакстанга көчүрүүнү пландап жатат

LG компаниясы Подмосковьедеги заводун Өзбекстанга же Казакстанга көчүрүүнү пландап жатат

Турмуш-тиричилик техникасын чыгарган Түштүк Кореялык LG компаниясы Москва облусундагы заводун жаап, өндүрүштү Өзбекстан же Казакстанга көчүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу «Коммерсантъ» жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, өндүрүүчү эки өлкөдө тең сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Өзбекстанда – тиричилик техникасын чыгаруучу Artel менен – анын ишканаларында Samsung техникасы да чыгарылат. Ал эми Казакстанда 1998-жылдан бери LG-нин заводу иштечү, бирок ал бир нече жыл мурун жабылган.

Арзан жумушчу күчүнөн улам өндүрүштү Өзбекстанга көчүрүү пайдалуураак, бирок Казакстанда төлөөгө жөндөмдүү керектөөчүлөр көп экендиги белгиленип айтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокенде заманбап логистикалык борбор куруу пландалууда

Ноокенде заманбап логистикалык борбор куруу пландалууда

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Туу айылынын Кен-Сай тилкесинде курула турган мөмө-жемиштерди сактоочу транспорттук-логистикалык борбордун эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана ташуу үчүн заманбап

Оштун Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду

Оштун Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду

Ош шаарынын Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду. Буга чейин бул аймактарда таза суу системасы болгон эмес. Ош шаардык мэриясынын малыматына ылайык, учурда эки айылдагы жалпысынан 900 кожолукка таза суу берилди. Дагы 100 үйдү таза суу тармагына кошуу иштери уланууда. Белгилей кетсек, буга чейин аталган айылдарда

"Номериңиз бөгөттөлөт": шылуундар жаңы ыкманы колдонууда

"Номериңиз бөгөттөлөт": шылуундар жаңы ыкманы колдонууда

Талас облустук ички иштер башкармалыгы жарандарга кибер алдамчылыктын жаңы ыкмасы тууралуу эскертти. Маалыматка ылайык, алдамчылар өздөрүн байланыш операторунун кызматкерлери катары тааныштырып, телефон номериңизде көйгөй жаралганын айтып чалышат. Алар “SIM-картаңыздын мөөнөтү бүтөт”, “номериңиз бөгөттөлөт” же “SIM-картаны алмаштыруу керек” деген шылтоолорду колдонушат. Андан кийин алдамчылар SIM-картаны жаңыртуу же бөгөттөн

JDS программасы мамлекеттик кызматкерлерге жаңы мүмкүнчүлүк түзүүдө

JDS программасы мамлекеттик кызматкерлерге жаңы мүмкүнчүлүк түзүүдө

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жапония Өкмөтүнүн JDS долбоорунун алкагында Жапонияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Улан Маматканов мамлекеттин өнүгүүсү билимдүү, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү кадрларга түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, бул