Он жашар кыз «Кыргызстандын Кызыл китеби» тиркемесин иштеп чыгат - ага 4.5 миң евро бөлүнөт

Он жашар кыз «Кыргызстандын Кызыл китеби» тиркемесин иштеп чыгат - ага 4.5 миң евро бөлүнөт

5-класстын окуучусу 10 жаштагы Дарина Digi Konush долбоорунан жапайы жаныбарларды коргоо боюнча «Кыргызстандын Кызыл китеби» аталган мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу үчүн 4.5 миң евро алат. Бул тууралуу долбоордун басма сөз кызматы билдирди.

Окуучу кыздын айтымында, тиркеме Кызыл китепке кирген жаныбарлардын сегиз түрүн камтыйт: аркар, кызыл карышкыр, ак илбирс, күрөң аюу жана башкалар.

«Тиркемени иштеп чыгууга апам жана мугалимдер жардам беришти. Дагы эки курбу кызым – Жанат жана Бегайым долбоорду жазып, сурамжылоо жүргүзүүгө жардам беришти. Алар 13 жашта», – деди Дарина.

Белгиленгендей, тиркеме эки бөлүктөн: маалыматтык жана интерактивдүү бөлүктөрдөн турат. Экинчи бөлүгүндө ак илбирс мергенчинин жебелеринен качкан мобилдик оюн камтылган, бул балдардын кошумча кызыгуусун жаратат. Мобилдик тиркеменин максаты – өсүп келе жаткан муундун экологиялык аң-сезимин жогорулатуу жана айлана-чөйрөгө аяр жана боорукер мамилени калыптандыруу. Даринанын атаандаштары жок – мындай тиркеме Кыргызстанда биринчи жолу пайда болот.

Окуучу кыз санариптик демилге сынагында грант утуп алды. Кыргызстан менен Эстониянын көз карандысыз эксперттери, ошондой эле тийиштүү ведомстволордун өкүлдөрү кирген комитеттин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында кыргызстандык жаш кыздын долбоору 132 упай топтоп, 13 жеңүүчүнүн тизмесинде сегизинчи орунду ээледи.

Ошентип, Дарина Кыргызстандагы жана балким, анын чегинен тышкары да, стартап-конкурстардын эң жаш жеңүүчүсү болуп калды.


“DigiKonush – санариптештирүү аркылуу Кыргызстандын айыл жамааттарында ачык келечекти куруу” долбоору “Лидер” жарандык демилгелер борбору тарабынан Европа биримдигинин колдоосу менен, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media