Активисттерди камагандан маселе чечилеби? - Мирлан Самыйкожо

Активисттерди камагандан маселе чечилеби? - Мирлан Самыйкожо

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы активдүү позицияны карманган активисттер менен саясатчыларды массалык түрдө кечээ, 23-октябрда кармап башташкан.

Камалып, үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн активисттер тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо Фейсбукта өзүнүн баракчасында кайрылуу жасады.

“Бүгүн биздин өлкөдө өтө ашыкча, өтө резонанстуу окуя болуптур. Ал окуя жаш активисттердин, айрым саясатчылардын жарандык коомдо өзүнүн пикирин билдиргендердин үйүнүн тинтилиши жана камалышы.

Бул эмнеден кабар берет? Ар бир адамдын оюнун, укугунун, сөз эркиндигинин камалышанан кабар берет. Аларды камоо менен аларды коркутуу менен маселе чечилеби? Эгерде алар ушунчалык коомго коркунуч, мамлекетке башаламандык же туура эмес багытты көздөп аткан болсо, алардын кылган кылыктарын ачык айтып, элге салса болбойт беле?” – деген Самыйкожо адамдын эркиндигин чектегенди кыргыз эли жакшы көрбөй тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле ал активисттердин камалышын өтө чоң одоночулук, өтө чоң чекилик деп эсептей тургандыгын жана аларды эркиндикке чыгаруу керектигин, бардык нерсеге сүйлөшүү, мыйзамдуу жол менен жетүү зарыл деген пикирин айтты.

Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө каршы жана кечээ камалган жарандык активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында “Реакция 5.0” деп аталган тынчтык митинги өтүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө балыкчылар үчүн QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду

Ысык-Көлдө балыкчылар үчүн QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду

Ысык-Көл облусунда балык уулоо эрежелери жана электрондук билет алуу тууралуу маалымат камтылган QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинен билдиришти. Маалыматтык тактайчалар балык уулоо көп жүргүзүлгөн аймактарга жайгаштырылды. Алар аркылуу жарандар балык уулоо эрежелери менен таанышып, QR-коддун жардамы

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Ата шаарындагы Акматбай Ата көчөсүнүн батыш бөлүгүндөгү каналга мыйзамсыз ташталган курулуш калдыктары тазаланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аймакта курулуш калдыктары топтолгону аныкталып, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде иштер башталды. Тазалоо иштерине шаар мэриясы республикалык казынанын эсебинен алган жаңы атайын техникалар

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарын шаарында Орозбаков, Чаначев жана Ак-Мөөр көчөлөрүнө тротуар жана арыктарды куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Долбоор үлүштүк дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү казынанын эсебинен каржыланууда. Ага республикалык бюджеттен 17 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 7 млн сом каралган. Долбоордун ишке ашырылышы көчөлөрдүн инфратүзүмүн

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" жана "Эркештам" өткөрмө пункттарында өлкөгө киргизилип жаткан өсүмдүк продукцияларына жана жарандардын кол жүгүнө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Текшерүү учурунда фитосанитардык сертификаты жана тиешелүү документтери жок мөмө-жемиштер, жашылчалар, картошка, үрөндөр, көчөттөр жана башка