Бүгүн камактагы активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында тынчтык митинги өтөт

Бүгүн камактагы активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында тынчтык митинги өтөт

Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө каршы жана кечээ камалган жарандык активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында “Реакция 5.0” деп аталган тынчтык жүрүшү өтөт.

Жөө жүрүш Эркиндик бульварындагы “Бишкек-2” темир жол бекетинен саат 12:00дө башталат. Катышуучулар бульварды бойлоп, эски аянттагы өкмөт үйүн көздөй барышат.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы активдүү позицияны карманган активисттер менен саясатчыларды массалык түрдө кечээ, 23-октябрда кармап башташкан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 9-кичи районунда 12 саатка суу өчүрүлөт

Бишкектин 9-кичи районунда 12 саатка суу өчүрүлөт

27-августта Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, суу саат 09:00дөн 21:00гө чейин өчүрүлөт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • 9-кичи райондун бир бөлүгү; • Малдыбаев көчөсү; • Сүйөркулов көчөсү; • К. Тыныстанов көчөсү; • И. Ахунбаев көчөсү. Бул убакыт аралыгында

Ысык-Көлдө балыкчылар үчүн QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду

Ысык-Көлдө балыкчылар үчүн QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду

Ысык-Көл облусунда балык уулоо эрежелери жана электрондук билет алуу тууралуу маалымат камтылган QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинен билдиришти. Маалыматтык тактайчалар балык уулоо көп жүргүзүлгөн аймактарга жайгаштырылды. Алар аркылуу жарандар балык уулоо эрежелери менен таанышып, QR-коддун жардамы

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Ата шаарындагы Акматбай Ата көчөсүнүн батыш бөлүгүндөгү каналга мыйзамсыз ташталган курулуш калдыктары тазаланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аймакта курулуш калдыктары топтолгону аныкталып, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде иштер башталды. Тазалоо иштерине шаар мэриясы республикалык казынанын эсебинен алган жаңы атайын техникалар

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарын шаарында Орозбаков, Чаначев жана Ак-Мөөр көчөлөрүнө тротуар жана арыктарды куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Долбоор үлүштүк дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү казынанын эсебинен каржыланууда. Ага республикалык бюджеттен 17 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 7 млн сом каралган. Долбоордун ишке ашырылышы көчөлөрдүн инфратүзүмүн