Бишкекте интернет үзгүлтүккө учурады

Бишкекте интернет үзгүлтүккө учурап жатат. “Акнет”, Homeline, MegaCom уюлдук оператору сыяктуу провайдерлерлеринде байланыш жок болууда. Бул тууралуу окурмандар Economist.kg сайтына билдиришти.

Интернеттеги үзгүлтүктөр боюнча “Акнет” интернет провайдери комментарий берди.

Компания белгилегендей, техникалык көйгөйлөрдөн улам, башкы провайдердин интернет ылдамдыгы олуттуу төмөндөп кеткен жана же толук жеткиликсиз болушу мүмкүн.

«Учурда бардык зарыл болгон кемчиликтерди жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнгөнүңүздөр үчүн рахмат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 24-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө каршы жана кечээ камалган жарандык активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында “Реакция 5.0” деп аталган тынчтык митинги болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды